(Кыргыз) Фактчек: Камчыбек Ташиев боосу аллигатордун терисинен жасалган саатты тагынып жүрөбү жана анын баасы “бир фура гумжардамдыкындайбы”?

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Тажик-кыргыз чек ара жаңжалынан кийин Twitter колдонуучулар УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевди кымбат баалуу саатты тагынып жүргөнү үчүн сынга алышты. Алардын айтымында, бул сааттын баасы баткендиктер үчүн чогултулган бир фура гумжардамдыкындай.

Factcheck.kg твиттер колдонуучулар айткандай Ташиев чынында эле баасы $6.5-8.5 миң болгон Ulysse Nardin (люкс сааттарын чыгарган швейцариялык бренд, ред. түш.) саатын тагынып жүрөбү же жокпу, аныктап көрдү:

Биз интернеттен УКМКнын жетекчиси аталган саатты тагынып жүргөн дагы бир канча сүрөттөрдү таптык.

2022-жылдын 24-августунда министрлер кабинетинин расмий сайтында Кумтордун ишмердүүлүгү тууралдуу жаңылык жарыяланган. Пресс-релиз менен кошо таркатылган фоторепортажда Ташиев ушул саат менен тартылган:

Бул сүрөттө сааттын көк циферблаты даана көрүнүп турат. Бул сүрөт 16-сентябрда Баткенде тартылган.

Ушул эле күнү Zobolo Media сайтында жарыяланган макалада саатты даанараак көрсө болот, ал башка сүрөттөрдөгү сааттарга өтө окшош.

Let’s Enhance онлайн-кызматынын жардамы менен сүрөттөрдүн сапатын жоготпостон, өлчөмүн чоңойтуп, аларга талдоо жүргүзүп, сүрөттөгү сааттар Ulysse Nardin сааттарынына окшош экенин аныктадык.

Люкс сааттарын саткан онлайн-дүкөндөрдөн Ulysse Nardin Classico Small Second Manufacture (3203-136-2/E3) моделиндеги саатты таптык. Анын баасы $6.5 – $8.5 миң айланасында экен.

Саат 2017-жылы чыгарылганына байланыштуу, бренддин расмий сайтында ал сатылбай калган, бирок анын сүрөтү азыркыга чейин сайттагы “Classico” деген барактын баш сүрөтү катары колдонулат.

Саат 2017-жылы чыгарылган жана жыл сайын Швейцарияда өткөрүлүүчү эки негизги эл аралык саат көргөзмөлөрүнүн бири SIHH көргөзмөсүндө сунушталган. Саат тууралуу маалыматта анын боосу аллигатордун терисинен жасалганы жана классикалык болот илгич колдонулганы айтылат.

Саат автоматтык түрдө кубаттандырылып туруучу механизм менен жабдылган. Бир кубаттандыруудан 48 саат иштей алат. 38 асыл таштан чогултулган. 30 метр тереңдикке чейин сууга туруктуу.

Тыянак: УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев чынында эле Ulysse Nardin Classico Small Second Manufacture моделине окшош саатты тагынып жүрөт. Бирок редакция бул саат накта швейцариялык люкс-бренд саат деп кескин айта албайт.