(Кыргыз) Француз компаниясы Камбар-Ата ГЭС-1ди куруугу жардам берүүгө даяр. Ал компания тууралуу эмненин билебиз?

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Франциянын эң ири мамлекеттик компаниясы Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга көмөктөшүүгө даяр. Бул тууралуу Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги Айбек Джунушалиевдин француздардын Electricite de France (EDF) энергетикалык компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу учурунда белгилүү болду.

EDF Кыргыз Республикасы менен кызматташууга даяр экенин  2022-жылдын күзүндө эле билдирген болчу. Анда КРдин Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев жана Франциянын КРдеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Франсуа Дело эки тараптуу кызматташууну талкуулашкан.

Factcheck.kg редакциясы ачык булактардан бул компанияга тийиштүү маалыматтарды чогултту.

EDF – электр энергиясын өндүргөн франциялык компания. Ал электр энергияны жергиликтүү бийликтерге жана тиричилик керектөөчүлөргө сатуу менен алектенет. Компания ошондой эле борборлоштурулган жылуулук менен камсыздоо кызматын көрсөтөт. EDF Бельгия, АКШ, Польша, Италия, Кытай, Вьетнам сыяктуу өлкөлөрдө иш алып барат.

Фанциянын бийлиги 2022-жылдын июлунда компанияны банкроттуктан сактап калуу максатында аны толугу менен улутташтыруу процессин баштаган. 2023-жылдын 28-февралында мамлекеттин үлүшү 93.11%ды түзгөн.

Electricite de France SA 2022-жылы тарыхый чыгымдар тууралуу билдирген. Компаниянын маалыматы боюнча, мамлекет башкарган компаниянын таза чыгымдары 17.9 млрд еврону, ал эми каржылык карызы 64.5 млрд еврону түзгөн. Аны менен катар атомдук энергиянын өндүрүү 30%га азайган.

EDFнын төрагасы жана аткаруучу директору Люк Ремонттун айтымында:

“2022-жылдын жыйынтыгына электр энергиясын өндүрүү көлөмүнүн азайышы жана Францияда катаал рыноктук шарттарда киргизилген өзгөчө жөнгө салуу чаралары катуу таасир тийгизди”.

ВВСнин маалыматы боюнча, EDFнын каржылык маселесинин жаралышына бир катар себептер бар, бирок алардын арасынан эң олуттуусу – өндүрүлгөн продукциясынын төрттөн бир бөлүгүн атаандаштарына бекитилген баада сатуу талабы. Ошондой эле 2022-жылы эскилиги жеткен 56 атомдук станциянын жарымынан көбү ремонт иштерин жүргүзүш үчүн өчүрүлгөн болчу.

Пенсия реформасына байланыштуу Францияда жүрүп жаткан башаламандыктар да EDFнын абалына катуу сокку болду – EDFнын электр станцияларынын кубаттуулугу болжолдуу түрдө 2.1 гигаваттка (ГВт) азайган, бул АЭСтин 2 реакторуна тете кубаттуулук.

Эскерте кетсек, кыргыз бийлигинин Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу аракеттерине 10 жылдан ашык убакыт өттү. Kloop’тогу кесиптештерибиз 2012-жылдан 2022-жылга чейинки бардык аракеттерди тизмектеген материалды даярдашкан.

Тыянак: Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга жардам берүүгө кызыкдарлыгын билдирген франциялык мамлекеттик компания 2022-жылдан бери башынан көп кыйынчылыктарды кечирип, чоң чыгымдарга дуушар болууда.