(Кыргыз) Австриянын тышкы иштер министрлиги Орусиядан санкцияларды акырындык менен алып салууга жол бердиби? Текшеребиз

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

 “Коммерсант” маалымат агенттиги 9-сентябрда “Австриянын тышкы иштер министри Орусиядан санкцияларды акырындык менен алып салууга жол берди” деген аталыштагы макала жарыялаган.  Басылма Александр Шалленбергдин Wiener Zeitung гезитине берген маегине шилтеме жасаган.

Factcheck.kg бул маалыматты текшерип көрдү:  

“Коммерсант” сайтында маалымат кандай маңызда берилген?

Материалдын аталышына көз жүгүртсөк, Австриянын Орусияга карата санкцияларды алып салуу мүмкүнчүлүгүн түшүнөбүз.

Ошол эле учурда “буга чейин дагы көп бар” жана ЕБ жакынкы арада санкцияга киргендердин тизмесинен эч кимди чыгарбай турганы тууралуу жазылып турат.

Мындан тышкары,” Коммерсант ” билдиргендей, Шалленберг Вена орус-украин тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн аянтчасы болууга даяр экендигин белгилейт.

Басылма чиновниктин төмөнкүдөй цитатасын келтирди: Санкциялар — ийкемдүү каражат, бирок аны алып салууга көп убакыт кетет. Кайсы бир убакта дипломатия ийгиликке жетет деп аябай үмүттөнөмУчурда стратегиялык чыдамкайлык жана күчтүү нерв керек. Санкциялар күн сайын натыйжалуу боло баштады”.

ТИМдин башчысы менен маектешүү учурунда эмне жөнүндө сөз болду?

Wiener Zeitung  гезитинин веб-сайтында Австралиянын Тышкы иштер министри менен болгон маектешүү жарыяланган. Анда Орусияга каршы санкциялар жана ЕБдин биримдиги талкууланган.

Министрге :”Эгер Путин эки жеңилдикке барса, санкциялар акырындык менен алынып салынат деп айтууга болобу?” – деген суроо узатылган.

Министрдин айтымында санкциялар – бул ийкемдүү каражат, бирок аны салып салууга көп убакыт керек:

Кайсы бир убакта дипломатия ийгиликке жетет,  деп аябай үмүттөнөм “.

Ушул эле учурда чиновник санкциялар күн сайын натыйжалуу боло баштагандыгын билдирди.

“Орусиянын экономикасынын бүт тармактары иштебей жатат. Орусия рецессияга учурады, ал эми Европа өсүү жолунда деп болжолдонууда”, –  деди Александр Шалленберг.

“Австрия сүйлөшүү аянтчасы болууга даярбы же жокпу?” –  деген суроого тышкы иштер министри “Эгерде дипломатия үстөмдүк кылса, Австрия даяр”, – деп ишендирди.

Бирок азырынча андай болбой тургандай. Путиндин Владивостокто сүйлөгөн сөзүнөн кийин дагы, оюнан кайтпай турганы көрүнүп турат. Тескерисинче,  Орусиянын максаты дагы деле болсо Украинаны жок кылуу“, – деди ал.

Жыйынтык: манипуляция. Жаңылыктардын автору кликбейт– аталышты (материалдын аталышын атайылап бурмалоо) колдонгон. Мындан тышкары, автор маалыматты толук бербестен окурмандарды адаштырууда.