(Кыргыз) Google Trends: Орусиялыктар өлкөдөн чыгып кетүүгө аракет кыла баштады

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Социалдык түйүндөрдө Путиндин кайрылуусуна чейин эле орусиялыктар активдүү түрдө өлкөдөн чыгып кетүү жолдорун издей баштагандыгы тууралуу маалыматтар тарап жатат.  «Коопсуз» өлкөлөргө  билет  баасы  бир заматта асмандап кетти.  Учурда билеттин баасы Баку шаарына – 250 миң, ал эми  Тбилисиге – 120 миң сомду түзүүдө.

Factcheck.kg бул маалыматтарды текшерип көрдү:

Орусиялыктар өлкөдөн чыгып кетүү жолдорун издей баштадыбы?

Маалыматка ылайык,  Google издөө ресурсунда «Орусиядан кантип кетсе болот» деген кайрылуу сурамы шейшемби күнү максимумга жеткен:

Мындай иш-аракеттер таанылбаган республикаларда (ДЭР жана ЛЭР) референдум өткөрүү жана алдыдагы мобилизация жөнүндө жаңылыктардын фонунда жаралган. Google Trends  билдиргендей, суроо-талаптын чокусу саат 18:00го туура келет. Буга чейин Путин менен Шойгунун алдыдагы кайрылуусу тууралуу маалыматтар пайда болгон. Эмиграция маселеси айрыкча Кытай менен чектешкен Хабаровск крайынын тургундарын кызыктырган.”

Google Trends маалыматына ылайык,  акыркы 7 күндүн ичинде (14-21-сентябрь) Орусиянын жашоочулары чындап эле өлкөдөн кантип кетүү керектиги жөнүндө маалыматты көбүрөөк издешти. Максималдуу сурамдардын саны 100 баллды түздү. Чокусу 21-сентябрда түн жарымында болгон.

Белгилей кетсек, 20-сентябрда эртең менен бул маалыматка эч ким кызыккан эмес.

Региондорго караганда, “Орусиядан кантип кетүүгө болот” сурамын  Санкт-Петербургда көп жасашкан, андан азыраак  Коми Республикасында, ошондой эле Москва шаары дагы алдыңкы үч лидердин ичинде.

Эске салсак, Владимир Путин 21-сентябрда Москва убактысы боюнча саат 9:00дө  жарым-жартылай мобилизация болот деген билдирүү  жасаган болчу.

«Коопсуз» өлкөлөргө  билет  баасы  асмандап кеттиби?

Aviasales маалыматтарына ылайык,  21- сентябрга карата Москва-Баку багытындагы билеттин баасы 46 миң сомго чейин бааланууда. 22-сентябрда дагы бул баа өзгөргөн жок.

Ал эми Москва-Тбилиси рейсиндеги баа 22-сентябрда  132 миң сомду түзөт.  21-сентябрда ушул эле каттамдагы билет баасы 138 миң сом болгон. Бирок 22-сентябрга карата билеттердин баары сатылып бүткөн.

Бирок бир жумадан кийин, тактап айтканда 29 сентябрга карата бул каттамда билет баасы 43 миң сомго төмөн сатылууда.

22-сентябрда Москвадан Бишкек шаарына учуп кетүү наркы 103 миң сомдон 112 миң сомго чейин бааланууда.

Жыйынтык: чындык. Орусиянын жашоочулары өлкөдөн кантип кетүү керектиги жөнүндө маалыматты көбүрөөк издеп башташты. Москвадан Баку, Тбилиси жана Бишкек шаарларына болгон авиабилеттердин баасы кескин жогорулады.