(Кыргыз) Мончодогу зордуктоо Алтай аймагында эмес, Алтай Республикасында болгон

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

24-январда социалдык тармактарда мончодо зордукталган өспүрүмдүн видеосу тарап, коомчулукта кызуу талкуу жаратты. Айрым ЖМКлар тасмадагы өспүрүм кыргыз тилинде сүйлөгөнүн белгилеген. Кийинчирээк, видео толугу менен чыгып, андагы адамдар башка тилде сүйлөгөнү байкалган жана окуя Алтайда болуп өткөнү тууралуу комментарий пайда болгон. 

24.kg басылмасы Алтай аймагынын тергөө комитетинен комментарий алган. Ага ылайык, аймакта тектеш окуя болуп өткөн, бирок аны тастыктоочу фото же видео материалдар болгон эмес.  

Бүгүн Кыргызстандын Ички иштер министрлиги Алтай Республикасынан жооп алып, окуя Россия Федерациясына караштуу Кош-Агач айылында болуп өткөнүн кабарлады.

Factcheck.kg  Кош-Агач райондук сотунун базасын карап чыгып, тиешелүү кылмыш иши тууралуу маалыматты тапты. Белгилүү болгондой 2020-жылдын 31-декабрында эки берене боюнча кылмыш иши сотко келип түшкөн:

  • РФнын Кылмыш кодекси, 112-берене, 1-бөлүм:  “ден-соолукка атайылап орточо зыян келтирүү”
  • 132 – берене, 3-б: “зордук-зомбулук көрсөтүү менен жабырлануучуга, же башка адамдарга каршы колдоном деп коркутуу менен же жабырлануучунун  алсыз абалын колдонуу менен сексуалдык мүнөздөгү  иш-аракеттерди кылуу”. 

Ошентип, ИИМдин пресс-релизинде айтылган маалымат тастыкталды. Бирок, Алтай аймагы менен Алтай Республикасы  — Россия Федерациясынын эки башка субъекти экенин белгилей кетебиз.