(Кыргыз) Орусия кантип санкцияны айланып өтүп, косметика менен сумкаларды Кыргызстан аркылуу сатып алып жатат

A truck transports a container next to stacked containers at a port in Qingdao in China's eastern Shandong province on October 12, 2018. - China's trade surplus with the United States ballooned to a record 34.1 billion USD in September despite a raft of US tariffs, official data showed on October 12, adding fuel to the spiralling trade war. (Photo by STR / AFP) / China OUT (Photo credit should read STR/AFP via Getty Images)

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Быйыл 22-февралда АКШ менен Евробиримдик Орусияга карата санкцияларды киргизген. Санкциялык кысымдын алдында Орусия “блокаданы” айланып өтүү жолдорун издей баштады. Мисалы, параллелдүү импорт жөнүндө мыйзам долбоору кабыл алды. Factcheck.kg редакциясы Улуттук статистикалык комитеттин (КР УСК) маалыматтарын талдап чыгып, Орусия Кыргызстан аркылуу Кытай товарларын кыйла көп көлөмдө сатып ала баштаганын аныктады.

Кайсы товарларга санкция киргизилген?

Быйыл майда АКШ Орусияга шаан-шөкөт буюмдарды жиберүүгө тыюу салган. Ал тизмекте 570 товардык орун бар. Мисалы:

  • Алкоголь (шампан, виски, бурбон, текила, ром ж.б.)
  • Тамеки буюмдары (сигаралар, мүштөк тамекилери, жыттоочу жана чайноочу тамеки ж.б.)
  • Косметика жана парфюмерия (туалет суусу, макияж, териге кам көрүү каражаттары ж.б.)
  • Саквояждар, чемодандар, аял сумкалары
  • Аңтерилер, табигый аңтериден жасалган буюмдар, жибек, килемдер
  • Кээ бир кийимдер жана кийимдердин буюмзаттары, кээ бир бут кийимдер (свитерлер, шымдар, лыжа тебүү кийимдери, суулуктар, мээлейлер, галстуктар ж.б., эгер АКШда алардын 1 даанасынын дүң баасы $1000 аша турган болсо)

АКШнын аркасынан Евробиримдик дагы шаан-шөкөт буюмдарын жиберүүгө санкция салган. Алардын катарына дагы сумкалар, косметика, парфюмерия, кийимдер кирет.

Экспорттун көлөмү эки эсе өсттү

УСкнын маалыматтары боюнча, быйыл 8 ай аралыгында (январь – август) Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы товар алмашуунун көлөмү $2 млрд түзүп, 41%га өскөн, ал эми экспорттун көлөмү $445 түзгөн, былтыр ал $238 млн болчу.

Кыргызстан косметиканы, буюмдарды жана сумкаларды көбүрөөк экспорттой баштаган

Ошол эле кезде Кыргызстанда косметикалык жана жууп-тазалоочу каражаттар көбүрөөк экспорттоло баштаган. Мисалы, январдан августка чейин Кыргызстан 50 тонна духи саткан, былтыр ушул эле убакытта бир тоннага жетпегени сатылган болчу.

Кыргызстан парфюмду негизинен Кытайдан (59 тонна), Беларустан (22 тонна), Түркиядан (20.6 тонна) жана Бириккен Араб Эмираттарынан (17.5 тонна) алып келген. Ташып келинген духинин жарымы Орусияга реэкспорт кылынган.

Макияж каражаттары боюнча да көрүнүш ушундай. 2022-жылы (январь-август) биздин өлкө Орусияга 260 тонна саткан, ал эми 2021-жылы (январь-август) болгону 8 тонна сатылган болчу.

Белгилей кетүүчү жагдай, Кыргызстан макияж каражаттарын бир катар өлкөлөрдөн сатып алат. Алар: Орусия (1158 тонна), Кытай (698 тонна), Корея (757 тонна), Казакстан (366 тонна), Польша (38 тонна), АКШ (13.3 тонна).

Жеңил өнөр жай товарларынын экспорттолгон көлөмү да өстү. Мисалы 2022-жылы (январь-август) байпактардан 15.7 млн даана сатылган, ал эми 2021-жылы болгону 1.1 млн даана. Кыргызстан бул продукциянын чоң көлөмүн Кытайдан (69 млн жуп) жана Кореядан (1.9 млн жуп) сатып алат.

Ошол эле кезде түнкү көйнөктөрдүн көбүн өзүбүз өндүрүп, аз гана бөлүгүн исмпорттойбуз. 2022-жылы (январь-август) 4.5 млн даанасы импорттолуп, 17.6 млн даанасы Орусияга экспорттолгон.

Сумкалардын да экспорту да өскөн. Быйыл бул товар 2.1 млн даана көлөмүндө Орусияга жиберилген, былтыр болсо болгону 520 даана экспорттолгон болчу.

Ошол эле кезде Кыргызстан сумкалардын көбүн Кытайдан (58 миң даана) жана Туркиядан (3.4 миң даана) алып келет.

Тыянак: Кыргызстан 2022-жылдын башынан бери Орусияга экспорттун көлөмүн 2 эсе көбөйткөн. Экспорттолуп жаткан продукциянын арасында санкциялык тизмекке киргендер да бар: парфюм, косметикалык жана жууп-тазалоочу каражаттар, кийимдер жана сумкалар.