(Кыргыз) Кытай ДССУнун эксперттерин өлкөгө киргизбей койдубу?

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун эксперттерин Кытай өлкөгө киргизбей койгондугу тууралуу жаңылыкты айрым басылмалар жазып чыкты. Маалыматка ылайык, эксперттер Кытайга COVID-19дун себептерин изилдөө максатында келген. 

Алар алгач январдын башында келүүнү пландаштырган эле. Бирок, Кытай эксперттерге өлкөгө кирүүгө тыюу салган. 

Factcheck.kg окуянын чоо-жайын териштирди. 

Белгилүү болгондой, коронавирустун келип чыгышын жана анын жаныбардан адамга кандайча жукканын аныктоо максатында ДССУ бир нече айдан бери вирустун үлгүлөрүн чогултуу үчүн 10 адисин Кытайга киргизүүнү суранууда.

5-январда Женевада өткөн брифингде ДССУнун башкы директору Тедрос Адан Гребейсус эксперттик топтун мүчөлөрүнүн өз өлкөлөрүнөн Кытайга сапар тартканын жана бул маселе Кытайдын жетекчилиги менен мурда талкууланганын билдирген.

“Биз Кытай чиновниктеринин эксперттерге өлкөгө кирүү үчүн зарыл болгон кагаздарды даярдап бүтө электигин билип, капа болдук”, — деп билдирди ДССУ жетекчиси.

14-январда изилдөөчү топ Сингапурдан Кытайга келгени белгилүү болду.  Алар эки жумага карантинге алынат. 

ДССУ экспертери Ухань аэропортунда

Журналисттердин айтымында эксперттер тобу  “пандемиянын алдын алуу” үчүн жасалган желим дубалдары бар атайын туннел аркылуу терминалдан чыгып, атайлап тосулган аймакта турган автобуска отурушту.

Эксперттерди атайын коргоочу шаймандарын тагынган ондогон кытайлык коопсуздук кызматкерлери коштоп жүрдү.

ДССУнун маалыматына ылайык, 10 окумуштуудан турган топту зооноздук инфекциялар жана азык-түлүк коопсуздугу боюнча дүйнөлүк уюмдун эксперти Питер Бен Эмбарек жетектейт

Жыйынтык: жартылай чындык. ДССУнун эксперттерине виза 10 күн кеч берилген. Учурда алар Кытайда.