(Кыргыз) Контент-талдоо: чек ара жаңжалынын биринчи күнү Тажикстандын жана Кыргызстандын «Спутник» маалымат агенттиктери эмне тууралуу жазышты

14-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кезектеги жаңжал башталды. Ушуга байланыштуу, эки өлкөнүн ортосунда маалыматтык тирешүү да дароо башталды. Тажикстандын маалыматтык булактары Кыргызстанды баскынчы деп атады, Кыргызстандын ЖМКлары, тескерисинче, Тажикстанды күнөөлөп жатты. Russia Today, “Спутник” сыяктуу Кремлге көз каранды жана пропагандалык деп эсептелген Орусия медиалары дагы аскердик жаңжалды көз жаздымда калтырышпады, “Кыргызстандын аскерлери эч бир себепсиз тажик чек арачыларына карата ок чыгарышты” деген билдирүү таратышты.
Ушуга окшош маалыматтар коомдук тармактардын колдонуучуларында Sputnik-Таджикистан жана Sputnik-Кыргызстан интернет-басылмаларынын материалдарынын мазмуну боюнча кыжырданууну жаратты.
Бизде кызыгуу жаралды, бир булактан каржыланган эки өлкөнүн редакциялары эмне тууралуу жазышты болду экен. Аны билүү үчүн жана окурмандардын нааразычылыгы канчалык жүйөлүү экендигин аныкташ үчүн биз Sputnik-Таджикистан менен Sputnik-Кыргызстандын (мындан ары Sputnik TJ жана Sputnik KG) 14-сентябрдагы жаңылыктар ленталарын талдап чыктык.
Спойлер: көп учурда эки редакциянын пикирлери карама-каршы болду
Белгилей кетүүчу жагдай, эки филиал тең «Россия Сегодня» эл аралык маалыматтык агенттиктин курамына кирет жана Орусия өкмөтү тарабынан каржыланат. 2022-жылы бул маалыматтык агенттиктин бюджети мурдагы жылга салыштырмалуу көбөйтүлүп 28.695 млрд рублга, же 378 727 886 долларга (Орусиянын Борбордук банкынын 15.01.22 датасына карата курсу боюнча) жеткирилген.
Бул маалымат булактын попагандасы кооптуу деп табылып, Евробримдиктин өлкөлөрүндө жана Улуубританияда анын таркатылуусуна тыюу салынган. YouTube сыяктуу контент менен алектенген компаниялар RTнын Европадагы аккаунттарын блокко салганга аргасыз болушкан. Bloomberg басылмасынын журналисттери «Россия Сегодня» МАнын иши боюнча иликтөө жүргүзүп, бул маалыматтык агенттик өлкөгө таасир этиш үчүн өзгөчө тактиканы колдоноорун аныкташкан.
“Керектүү контентти Кремль менен ачык байланышы жок жана да пайда табууга багытталган контент фермалар менен салттуу пропаганданын ортосундагы боз чөйрөдө иштеген ондогон уюмдар аркылуу таркатат. “Холдингдин негизги максаты – “күмөн жаратуу жана учурдагы өкмөттөрдүн легитимдүүлүгүнө шек келтирүү”.
Биз эки филиалдын Telegram-каналдарындагы чек арадагы чыр-чатакка тиешеси бар 14-сентябрдагы баардык жаңылыктарын жүктөп алып, хронологиялык контент-талдоо жүргүздүк.
Окшоштуктар
14-сентябрда эки филиал дээрлик бур убакытта (айырмасы 19 мүнөт) чек арадагы атышуулар тууралуу жаңылык чыгарышкан. Тажик филиалы маалымат өздүк булактан түшкөнүн айткан. Sputnik KG КР УКМКнын Чек ара кызматынынын маалыматына таянган.
Окшош эмес жактары
Андан кийин жарым сааттык айырмачылык менен Sputnik KG Кыргызстандын УКМКсынын билдирүүсүн жарялаган, анда кыргыз бийлиги тажик тарапты кол салгандыгы үчүн күнөөлөгөн.
Sputnik TJ, өз кезегинде, кесиптештери жарыялаган Кыргызстан УКМКсынын билдирүүсүн эске албай, “КР аскерлери биринчи болуп ок чыгарышты, ага жооп катары Тажикстандын чегарачылары да ок чыгарышты” деп жазган.
Ким күнөөлүү?
11:05те Sputnik TJ аскердик баскынчылык Кыргызстан тараптан биринчи болуп башталганын кайталап, КР УКМКсынын ок атышууну жана аскерди позицияны бекемдөөну биринчи болуп тажик тарап баштады деген билдирүүсүн да келтирген.
11:44ө Sputnik TJ кайра “кыргыз аскерлери эч себепсиз тажик чегарачыларынын жайгашкан жерлерин аткылашты” деп жазды, бирок бул жолу Тажикстандын чек ара кызматына шилтеме кылышкан. Жыйынтыгында, Sputnik TJ Кыргызстан аскердик аракеттерди биринчи баштады деп 5 жолу күнөөлөгөн, ал эми Sputnik KG, тескерисинче, тажик тарапты күнөөлөгөн Кыргызстандын чек арачыларынын пресс-релизинен үзүндүлөрдү 2 жолу жарыялаган.
Ошону менен катар Sputnik KG Баткен менен Согди облустарынын жана чек ара кызматтарынын облустук башкармалыктарынын жетекчилеринин жолугушуулары тууралуу жазып, тажик тарап “мезгил-мезгили менен кыргыз чегарачыларынын жайгашкан жерлерине ок чыгарууда” деп кошумчалаган.
Көз жазгыруу: “Биз гана жабыр тартуудабыз”
Андан ары эки филиал ок атышуудан жабыр тарткандардын санын берүүдө өз тараптары боюнча гана маалыматтарды беришкен, ушундан соң бир гана тарап жабыр тарткандай сезим калат. Бул абдан таң калыштуу, анткени Sputnik TJ биринчи эле жаңылыгында жабыр тарткандар бар экенин айткан. Sputnik KG кесиптештеринин маалыматтарын колдонбой, Кыргызстан тарапта гана жарадар болгондордун санын келтирген. Sputnik TJ 19:00дө гана башка тараптан да жабыр тарткандардын санын келтирген. Sputnik KG муну кылган жок.
Абройлуу адамдардын цитаталары
Sputnik TJ Орусиянын ТИМиндеги “анонимдүү абройлуу адам” деп көз жазгырып, “Новости” маалымат агенттигинен: “Москва Тажикстан менен Кыргызстан ортосундагы чек ара маселелерин чечүүгө жардамдаша алалат эле” дегенди цитаталаган.
Кыргыз филиалындагы кесиптештери такталган гана маалыматтарды таркатып жаткандарын айтып, Кыргызстан УКМКсынын маалыматтык коопсуздук тууралуу билдирүүсүн жарыялашкан: “Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал курч болгонуна байланыштуу УКМК ЖМК өкүлдөрүн жана социалдык тармактын колдонуучуларын жалган маалыматтарды таратпоого чакырат”.
Мария Захарованын “Орусия Кыргызстан менен Тажикстанды чек арадагы кырдаалды саясий-дипломатиялык талаага кайтаруу үчүн бардык чараларды көрүүгө чакырат” деген билдирүүсүн күндүн аягында гана жарыялаган.
Эки өлкөнүн редакциялары 14-сентябрды кандай жаңылыктар менен аякташты?
Sputnik TJнын акыркы билдирүүсүндө “тажик-кыргыз чек арасына жакын жайгашкан айылдарда элди эвакуация кылганга даярдыктар жүрүүдө” деп айтылат.
Sputnik KGнын 14-сентябрдагы акыркы жаңылыгы жабыр тарткан кыргызстандыктар тууралуу болгон, бирок анда Тажкистанда жабыр тарткандар тууралуу маалымат берилген эмес.
Жыйынтык
Sputnik KG 14-сентябрда ок атышуу тууралуу 23 жаңылык жарыялаган, ал эми тажик филиалы – 16 жаңылык. Бир күн аралыгында бир медиахолдингдин эки редакциясы бир гана жолу өз кесиптештеринин материалын колдонушкан: Sputnik TJнын 16 жаңылыгынын ичинен бирөөсүндө гана кыргыз кесиптештерине шилтеме кылынган.
Тажик кесиптештеринен айырмаланып Sputnik KG бир да жолу тажик кесиптештеринин материалдарын цитаталашкан эмес.
Эки филиал тең Орусиянын ТИМ өкүлүнүн Орусия Кыргызстан менен Тажикстанга чек ара маселелерин чечишүүгө жардам бергенге даяр экендиги тууралуу билдирүүсүн жарыялашкан.
Биз аныктагандай, Sputnik TJ редакциясы Sputnik KG редакциясына караганда кайталоо, “анонимдүү абройлуу адамды” колдонуу сыяктуу көз жазгыруу ыкмаларын көбүрөөк колдонгон.
Эки филиал тең, маалыматтар жеткиликтүү болгонуна карабай өз өлкөлөрүнүн чек арачыларынан келип түшкөн маалыматтарды гана жарыялап жатышты.
Тыянак: 14-сентябрда чек арадагы кырдаалды чагылдырып жатышып эки редакция карама-каршы пикирде болушту. Sputnik KG жана Sputnik TJ өз өлкөлөрүнүн чек ара кызматтарынын гана маалыматтарын колдонуп, кесиптештеринин материалдары менен бөлүшүшпөдү, муну менен алар окуяга бир гана көз карашты чагылдырышты. Эки редакция бирдей чагылдырган маалымат Орусия ТИМинин билдирүүсү болду.