(Кыргыз) Венеция каналдарында крокодилдер пайда болдубу? Текшеребиз

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Үстүбүздөгү жылдын 16-мартында коронавирустун оң таасирлери тууралуу CNN басылмасы жазып чыкты. Алардын ичинде жыл бою туристтен бошобогон Венециянын каналдарынын карантиндин кесепетинен улам тазарып калганы маалымдалган. Жергиликтүү калк каналдар тазаланып, жыйынтыгында балыктардын көрүнүп калганын байкаган. Атүгүл Facebook социалдык тармагынын колдонуучулары бул маалыматты тастыктоочу сүрөттөрдү атайын ачылган группага жүктөп турушкан.

Бир нече күндөн соң социалдык тармактарда Венеция каналдарында сүзүп жүргөн крокодилдин да сүрөтү пайда болгон. Колдонуучулардын айтымында крокодилдер тазарган сууга сүзүп келген.

Бул сүрөт менен кыргызстандык колдонуучулар да бөлүшүүгө жетишкен. Маселен, Twitter соцтармагында Адиль Турдукулов мындай деп жазган:

«Венецияда крокодил пайда болду. Эми Нарын дарыясында да сөзсүз табылат».

https://i0.wp.com/factcheck.kg/froala/uploads/4ec450f14c8db5f179b810222c05005abb597607.jpg?resize=640%2C953&ssl=1

Factcheck.kg сүрөттү кылдат текшерип көрдү.

Tineye кызматы аркылуу ушул сүрөттү табабыз. Бирок анда крокодил тартылган эмес. Аталган сервис көптөгөн шилтемелерди таап берди:

https://i0.wp.com/factcheck.kg/froala/uploads/18486708c23cac76688ec1ca3e03f09bee53c3e8.png?resize=640%2C441&ssl=1

Крокодилсиз дал ушул сүрөттү жогоруда айтылган Facebook группасынан да табабыз:

 

https://i0.wp.com/factcheck.kg/froala/uploads/84f1e9e23e489d42a8a06e0a5db52e5a33b3d970.png?resize=640%2C473&ssl=1

Таза сууда балыктар көрүнгөнү менен, крокодилден дайын жок. Анда ал кайдан пайда болгон?

Сүрөттү Google картинки же Yandex картинки сервисине жүктөп, нукурасы Флоридада тартылганын жана ал чынында крокодил эмес, аллигатор экенине күбө болобуз.

https://api.discovery.com/v1/images/5bbf9ef76b66d160e57fcf00?aspectRatio=16x9&width=1200&key=3020a40c2356a645b4b4

Бул сүрөт Интернет айдыңында кеңири жайылганын көрсө болот.

Жыйынтык: Фейк. Венецияда каналдарында тартылган крокодилдин сүрөтү – фотомонтаж.