(Кыргыз) COVID-19: дүйнөдө балдар үчүн вакцина иштелип чыга элек

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz.

Бир катар массалык маалымат каражаттары коронавируска каршы эмдөөнүн биринчи этабында мектеп окуучулары эмделбей турганын жазып чыгышты. Анда Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык иммундук профилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысованын айтканы белгиленген. 

 

Дүйнөлүк маалыматтар

Ушул жылдын 13-февралында дүйнөлүк Би-би-си кызматы Оксфорд университетинин AstraZeneca вакцинасы балдарга сынала турганы боюнча маалымат жарыялаган. Сыноого 300гө жакын ыктыярчы катышат. Анда окмуштуулар COVID 19га каршы вакцина алты жаштан 17 жашка чейинки курактагы балдарда күчтүү иммундук реакцияны козгойбу же жокпу изилдеп көрүшөт.

Оксфорд университети коронавируска каршы бул эмдөө балдар үчүн вакцинанын алгачкы сыноосу экендигин билдирген. Англиянын башкы дарыгеринин орун басары, профессор Жонатан Ван-Там ITV News агенттигине курган маегинде балдар үчүн коопсуз жана натыйжалуу вакциналарды иштеп чыгуу боюнча сыноолор жүрүп жаткандыгын билдирген. Анын айтымында, ушул жылдын аягына чейин лицензияланган айрым вакциналар чыгышы мүмкүн. 

Россиянын Гамалея атындагы илим-изилдөө борборунун бөлүм башчысы, профессор Александр Бутенко коронавируска каршы  «Спутник V» вакцинасы 18 жаштан жогорку жаштагы жарандар үчүн жасалганын айтат. Бирок препарат жаш балдарга да ылайыкташы керектигин белгилейт. Ушуга байланыштуу сыноо бүткөндөн кийин вакцинанын жеңилирээк түрүн да иштеп чыгуу күтүлүп жатканын билдирген.

Ошондой эле буга чейин BioNTech жана Moderna вакциналары 12 жаштан жогору балдарга сынала баштаган. Немис педиатры Герман Йозеф Кахлдын маалыматында, ушул курактагы балдарга керектүү изилдөөлөрдүн алгачкы жыйынтыктары жайында жарыялант. Ал  BioNTech вакцинасын 16 жаштан баштап колдонууга уруксат берген.

Кыргызстандын саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык иммундук профилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова «Т-Медиага» төмөнкүлөрдү билдирди:

«Кыргызстанга келген бардык вакциналар инструкциясында 18 жаштан 60 жаштан жогоркулар үчүн иштелип чыккан. Вакцина өндүрүүчүлөр кайсы курактагылар көбүрөөк ооруйт ошого жараша вакцина чыгарат. Биз бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун сунушу менен пландарды иштеп чыктык. Анда  18 жаштан жана 65 жаштан жогоркулар эмдөөдөн өтөт», -деди Ишенапысова.

Жыйынтык: Чындык. COVID-19га каршы балдар үчүн вакцина иштелип чыга элек.

Булак: T-media