(Кыргыз) Кыргызстан Орусияга куралдардын мээлөө дүрбүлөрүн 10 млн сомго экспорттогон

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Иллюстративдүү сүрөт

Factcheck.kg редакциясы Кыргызстан менен Орусиянын быйылкы 8 айдын ичиндеги экспорттук-импорттук соода операцияларын талдап чыкты. Бул убакыттын аралыгында биздин республика Орусия Федерациясына куралдардын мээлөө дүрбүлөрүн 10 млн сомго экспорттогону белгилүү болду.

КР Улуттук статкомитеттин маалыматы боюнча, быйыл январь-августта Кыргызстан “куралга орнотуу үчүн телескоп мүнөздөгү мээлөө дүрбүлөрү; перископтор; машиналардын, аспаптардын, шаймандардын же аппараттардын бөлүктөрү катары даярдалган көрүү трубалары” (ТЭИ ТН 9013100000, ред. түш.) деген аталыштагы товарлардын тобун 67 млн сомго (1575 даана) импорттогон. 

Мээлөө дүрбүлөрү, перископтор жана топтун башка товарлары республикабызга негизинен Кытайдан алынып келинген – 18 млн сомдон ашык суммага 956 даана. Жапониядан азыраак алып келинген, бирок алар кымбатыраак болгон – 21 млн сомго 122 даана. Үчүнчү орунда АКШ – 9,3 млн сомго 177 аспап. 

Бирок да алынып келинген товардын баардыгы Кыргызстандын аймагында калган эмес. 300 миң сомго бир аспап АКШга экспорттолгон. 

Дагы 10 млн сомго 285 даана Орусияга жиберилген.

Мурда кандай эле?

Белгилей кетүүчү жагдай, 2021-жылга салыштырмалуу бул топтогу товарлардын импорту үч эсе өскөн. Өткөн жылы Кыргызстанга ушундай товарлардан 30 млн сомго 514 даана алынып келинген. 

Ал эми экспорт 2021-жылга салыштырмалуу 7 эсе өскөн – былтыр 1,3 млн сомго 41 аспап экспорттолгон (бир гана Орусияга).

2020-жылы бул топтогу товарлардын 599у Кыргызстанга алынып келинген, ал эми экспорт нөлгө барабар болчу.

Тыянак: Куралга коюлуучу телескоп мүнөздөгү мээлөө дүрбүлөрүнүн Орусияга экспорту 7 эсе өсүп, алардын суммасы 10 млн сомду түзгөн.