(Кыргыз) Мелис Мырзакматовдун сөзү кантип бурмаланды?

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Социалдык тармактарда Мелис Мырзакматовдун “Сооронбай аканы жаман иштеген үчүн эмес, Сооронбай аканы түштүктүк болгону үчүн кууп атат” деп сүйлөгөн сөзү Сооронбай Жээнбековго  колдоо көрсөткөн таризде тарады.

Бирок бул видеонун үзүндүсү гана.

Factcheck.kg Мырзакматовдун сүйлөгөн сөзүн толук угуп чыгып, жогоруда айтылган цитата контексттен алынып, бурмаланганын аныктады:

2010-жылы да ушундай болгон. Революция кылымыш болуп, кресло талашып ал жерде мушташышкан. Азыр да кресло талашып, бир партия бир жерге койсо, аркасынан бир сааттан кийин башка партия башкасын койгон. Булар элди ойлобой, ресурс үчүн бул кадамдарга барып атат. Кээ бир сасык, айныган, бузуку топтордун идеологиясы. Сооронбай аканы жаман иштеди деп критикалап куубай атат, Сооронбай аканы түштүктүк болгону үчүн кууп атат. Элдин бардыгы деп түшүнүп албагыла. Калктын арасына ошондой идеология таркаткандар бар. Ошондойлорду түндүктө четке кагып атат. Биз дагы бул жерде “сен аркалыксың”, “сен анжияндыксың” дегендерди четке кагышыбыз керек”.

Бурмаланган сөздү Vesti.kg маалымат агенттиги да чындык катары бергенге жетишкен.

Мелис Мырзакматов, тескеринче, өлкөнү түндүк-түштүккө бөлбөөгө чакырат.

Жыйынтык: видеонун үзүндүсү контексттен суурулуп, бурмаланган. Мырзакматов өз сөзүндө “сасык, айныган, бузуку топтордун идеологиясын айыптап, элди түндүк-түштүккө бөлбөөгө үндөгөн.