(Кыргыз) Kabarlar агенттигинин жаңы вирус тууралуу макаласына МЕДИАСЫН

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Бүгүн 25-мартта Kabarlar сайты «Жаңы вирус. Кытайда алгачкы өлүм катталды» деген аталышта макала жарыялады. Анда Юньнань провинциясында жаныбардан тараган табышмактуу хантавирустан улам алгачкы өлүм катталганы маалымдалат. Мындан тышкары, макалада хантавирус кардиопульмоналдык синдрому оор респиратордук дарт экени айтылат.

Автор ThePrint сайтынан алынган «Новое время» жаңылыгына шилтеме кылган.

 “Новое время” жарыялаган дал ошол материалды биз издеп таптык жана андагы макалада Kabarlar этибарга албаган кошумча маалымат бар экенин аныктадык:

Буга чейин хантавирус дарты бир адамдан башка адамга тараган учур катталган эмес. Негизи эле вирус аз изилденген.

Өлкөдө өзгөчө абал киргизилгенине карабай, Kabarlar маанилүү маалымат тууралуу айтып өтүүнү туура көргөн эмес.

Эскерте кетсек, 24-мартта президент Бишкек, Ош шаарларына жана  өлкөнүн бир нече райондоруна өзгөчө абал киргизүү жөнүндө чечимге кол койгон.

 «Өзгөчө абал жөнүндө» мыйзамында жарандардын, ЖМК, журналисттердин өзгөчө абал учурунда укуктары жана милдеттери тууралуу мындай деп айтылат:

Өзгөчө абал жарыяланган аймакта кычаштык-чагымчыл кабарларды таркатуу, укук тартибин бузуучулукка түрткөн же улуттар аралык араздаштыкты чыгаруучу аракеттер, жарандардын жана кызмат адамдарынын мыйзамдуу укуктарын жана милдеттерин аткарышына активдүү көрсөтүү, ага тете ички иштер органдарынын кызматкерлеринин аскер кызматчысынын же коомдук тартипти сактоо боюнча кызматтык милдеттерин аткарып жаткан башка адамдардын мыйзамдуу буйруктарына же талаптарына баш ийбөө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоопкерчиликке кириптер кылат. 31-берене. 

Kabarlar агенттигинин маанилүү маалыматты жашыруусунун жыйнтыгында негизги маалымат бурмаланып, төмөнкү мыйзам ченемдердин бузулушуна алып келген:

журналист даярдаган материалдарынын чындыкка дал келүүсүн текшерүүсү жана объективдүү маалымат таратуусу шарт. “Журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндө” мыйзамынын 7-беренеси.

Журналист кандай гана жагдайда болбосун, билип туруп жалган маалымат жарыялабашы керек. Эгер таратылган маалымат чындыкка коошпой турганы билинсе, журналист бардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу менен оңдоого милдеттүү.  Кыргызстан журналистинин Этикалык кодекси, 8-берене.

Мындан тышкары, автор “тандалма чындык” деген аталыштагы пропаганда ыкмасын колдонгон.

“Тандалма чындык” пропагандасында манипулятор чындыктын чекесин чыгарып, өзүнө пайдалуу гана тарабын кабарлайт, ал эми калган тарабы тууралуу кеп козгобойт.  Бул ыкманын өзгөчөлүгү —  манипуляторго керектүү гана болгон фактыларды сууруп алып, окурман/көрөрман күткөн маалымат менен бириктирүү. Бул учурда окурман/көрөрман прогандага кабылганын аңдабайт.  Булак – Коул, 1998. 210-312б.

Жыйынтык: Kabarlar.kg агенттиги хантавирус тууралуу макаланы жарыялаган кезде төмөнкү мыйзам ченемдердин бузулушуна жол берген:

  1. “Өзгөчө абал жөнүндө” мыйзам, 31-берене;

  2. “Журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндө” мыйзам, 7-берене;

  3. Кыргызстан журналисттеринин Этикалык кодекси, 8-берене;

  4. мындан тышкары, макалада “тандалма чындык” аттуу пропаганда ыкмасы колдонулган.