(Кыргыз) Шылуундар жарандардын банк карталары боюнча маалымат чогултууда

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Lalafo.kg соода платформасынын сатуучулары шылуундарга туш болду. Товарларын саткан колдонуучуларга белгисиз адамдар жазып, банк карталары тууралуу маалыматты атактуу жеткирүү кызматына таандык делген сайтка калтырууну сунушташат.

Lalafo.kg сайтына буга чейин кийим сатам деп жарнама калтырган кыз маалыматты текшерип өтүнүчү менен редакциябызга кайрылды. Ал жарнамасын жарыялаган соң, белгисиз адам СДЭК аттуу курьердик кызматынын расмий сайтына окшош болгон сайтка жеке маалымат калтырууну сунуштаган.

 “Сатып алуучу” товарга төлөп койгонун айтып, акчаны алуу үчүн сатуучу жеке маалыматын калтыруу керектигин, андан кийин гана акча сатуучунун картасына түшөрүн белгилеген.

 

Сунуштаган сайттка банк картасынын номерин, баланстагы акчанын суммасын, CVC жана банк картасынын мөөнөтү тууралуу маалыматты калтыруу керек экен. Андан соң “Получить” баскычын басканда, акча картага түшөт деп маалымдайт шылуундар. Бирок алар сунуштаган шилтеменин СДЭК компаниясына тиешеси жок экенин аныктадык. Компанияга таандык сайт — “cdek.kg” дареги боюнча жайгашкан, ал эми шылуундардыкы —cdek-kg.ccдеп аталат.

 cc домени — Австралиянын Кокос аралдары үчүн эң жогорку деңгээлдеги өлкө коду.

Тилекке каршы, көрсөтүлгөн номерге чалуу аракетибиз оңунан чыккан жок.

Интернетте соода-сатык жана башка иш-аракеттерди жүргүзүүдө сунушталган сайттын доменине сөзсүз түрдө көңүл буруңуз. Шылуундардын капканына түшүп калбоо үчүн жеке маалыматты берүүдө этият болуңуз. 

Белгилей кетсек, буга чейин СДЭКтин Россиядагы филиалы өзүнүн сайтына шылуундар тууралуу билдирүүнү жайгаштырган: