(Кыргыз) Жаныш Бакиевге түспөлдөш адам коңшу өлкөдө болгону чын

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Facebook социалдык тармагында лифттеги адамдын сүрөтү жарыяланды. Ал качкын президент Курманбек Бакиевдин иниси Жаныш Бакиев экендиги жана ал Алматыда “Достык плаза” аттуу соода борборунда жүргөнү айтылат. Сүрөт коомчулукта кызуу талкууга алынып, Бакиевдердин үй-бүлөсүнүн Кыргызстанга кайтып келиши мүмкүн экендиги айтылды.

Бирок, айрым колдонуучулар бул сүрөт фейк деп жазып чыкты. 

Factcheck.kg маалыматты текшерип көрүүнү чечти.

Биз лифттеги плакаттарга көңүл буруп, алардын бирин аныктап биле алдык. Анда жаңы коронавирустан коргонуу ыкмалары тууралуу айтылат.  

Плакатта Казакстандын Саламаттык сактоо министрлигинин, Саламаттык сактоо товарларынын жана кызматтарынын сапатын контролдоо жана коопсуздук комитетинин, мындан тышкары Коомдук саламаттыкты сактоо борборунун логотиптерин көрсө болот. Демек, маалымат бурчу коңшу өлкөдө жасалган деген жыйынтыкка келебиз. 

Эске салсак, 2021-жылдын 27-январында массалык маалымдоо каражаттары Жаныш Бакиевдин жубайы Орозгүл Токторбаеванын Кыргызстанга кайтып келгенин жазып чыккан.

Жыйынтык: Жаныш Бакиевге түспөлдөш адам Казакстанда болгону чын.