(Кыргыз) “Коопсуз шаар” долбоору боюнча айып пул төлөбөгөндөр өлкөдөн чыгарылбайбы? Текшеребиз

Sorry, this entry is only available in Кыргыз and Русский.

Аэропорттогу жүргүнчүлөрдүн төлөнбөгөн салыктары, алименттери же айып пулдары бар болсо, алар рейстен алынары тууралуу маалымат социалдык тармактарда тарады. 

 

Биз бул маалымат менен бөлүшкөн “Алла Акбар” аттуу колдонуучу менен байланыштык. Ал рейстен бир жүргүнчү алынганын айтып, бул тууралуу Бишкектин туроператору кененирээк маалымат бере аларын билдирди. Ал эми туроператор, “Коопсуз шаар” долбоору боюнча айып пулу бар айдоочу рейстен алынганын тастыктады. 

Factcheck.kg айып пул төлөбөгөн жүргүнчүлөр чын эле рейстен алынып атканы тууралуу маалыматты текшерип көрүүнү чечти. 

Мыйзамга ылайык айып пул, салык, алимент төлөбөгөн жарандардын өлкөдөн чыгып кетүүсүнө чектөө коюлган.

 “Коопсуз шаар” долбоору боюнча айып пул тууралуу билдирүү келген күндөн тарта 130 күн өткөн соң, жарандын өлкөдөн чыгышына чектөө коюлат. Алгач айып пул төлөө үчүн 30 күн берилет. Андан соң ар бир күнүнө 1% өлчөмүндө пеня туулат. Ошентип, дагы 100 күндөн соң, 100% пеня кошулуп, айып пулдун суммасы жана өндүрүлө турган жалпы сумма сотко жөнөтүлөт.

Ал эми алименттер тууралуу айта турган болсок, 2020-жылдын август айында мыйзамга толуктоолор киргизилип, туруктуу алимент төлөбөгөн жарандардын өлкөдөн чыгуусуна чектөө коюлган.

Демек, эки учурда тең сот аткаруучу карызкордун өлкөдөн чыгып кетишине убактылуу чектөө коюуга укуктуу.

Жыйынтык: Чындык.

“Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында салынган айып пул төлөнбөсө жана иш сотко өткөрүлсө, өлкөдөн чыгууга убактылуу тыюу салынат.