(Кыргыз) Кайыңды кабель заводунун жаңы кожоюндарга берилиши: Атайын кызматтардын жана депутаттын мурунку жубайынын изи

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Киреше таппай калган Кайыңды кабель заводунун цехтери жана жерлери Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиевдин мурунку жубайы менен байланышы бар компанияга өтүп кеткен. Заводдун мүлктөрү жаңы кожоюндарга берилгенден кийин 24,79% акциясы бар мамлекет бир тыйын дагы албай калган, ал эми бул иштер атайын кызматтардын операциясынын фонунда өткөн.

Советтер союзунан калган Кыргызстандагы ири ишканалардын бири оңой эмес күндөрдү башынан кечирип жатат. Кайыңды кабель заводу 15 жылдан ашык убакыттан бери кирешеси жок иштеп келди.

2018-жылы келген жаңы акционерлер ишкананын карызын жаап берет деп анын мүлктөрүн башка компанияга берип салышкан. Ушундан кийин “Кайыңды кабель заводу” өндүрүш имараттарынан, жерлеринен айрылып, өндүрүш кубаттуулугу жок калган, болгону кагаз жүзүндө гана бар деген аты бар.

Заводдун мүлкүнө ээ болгон “Металл-Кен” компаниясы эски ишкананын базасында жаңы ишкана ишке киргизүүнү убада берип келет. Бирок, мурдагы багытындай кабель чыгаруу эмес, металлдарды кайра иштетмекчи.

Бирок заводдун мүлктөрүнүн “Металл-Кенге” берилишин кадыресе көрүнүш катары көрсөтүүгө аракет кылышканы менен андай эмес экенин журналисттер аныктады.

“ПолитКлиника” медиасынын журналисттери бул мүлктөрдүн берилишине экс-президент Сооронбай Жээнбековдун кудасы ЖК депутаты Алиярбек Абжалиевдин мурунку жубайы Гүлсара Сулайманова аралашканын таап чыгышты – анын туугандары киреше көрбөй калган заводдун акционерлеринин катарына кирип алып, андан кийин ал ишкананын мүлктөрүн эжесинин компаниясына өткөрүп беришкен.

Мүлктөрдү өткөрүп берүү процесстери заводдун негизги цехин колдонуп жүргөндөргө карата атайын кызматтардын операциясы менен коштолгон.

Заводдун 24,79% акциясынын ээси болгон Кыргызстандын Мамлекеттик мүлктөрдү башкаруу фонду, бул аракеттердин жыйынтыгында бир тыйын дагы пайда көрбөй, кур жалак калганына нааразы болуп, акционерлердин жыйынын сот аркылуу жокко чыгарууга аракет кылып жатат.

Абжалиев өзү болсо жубайы менен ажырашып кеткенин, ал өзүнчө бизнес жасаарын жана анын ишине кийлигишпей турганын айтат. Мурунку жубайынан комментарий алууга болгон аракетибизден майнап чыккан жок. Жаңы ишкана болсо жаңы өкмөттүн колдоосу менен жакында ишке киргени турат.

Советтер Союзунан калган мурас

Кайыңды заводу 1960-жылы ишке кирип, кабель чыгара баштаган, ал кабелдер аскер техникаларынан бери колдонулган. 1970-жылдардын ортолорунда СССРдин 60тан ашык шаарларын өзүнүн продукциялары менен камсыз кылып турган.

Ишкананын ардагерлеринин бири заводдо иштөө учурунда абдан кадыр-барктуу болгонун, айлык акы жогору болуп, жумушка орношуу дагы кыйын болгонун айтат.

Күнүнө сегиз сааттан гана иштейсиң – түшкү тамагы бар, душу бар. Таптаза кийим менен келип, кайра таптаза кийим менен кетесиң. Айлыгын алып карасаң 170-180 рубль аласың, 1971-жылы, – деп эскерет заводдо 34 жыл иштеген станокчу Күмүшбек Тентимишев.- Ай сайын эки муздаткычты азык-түлүккө толтуруп салчубуз, конфет-печеньелерди коробкалап алар элек“.

“Советская Киргизия” кинохроникасынан үзүндү, “Лаборатория Си” уюмунун изилдөочүлөрү тарабынан жарыяланган. Сюжет кабель заводундагы жаңы цехтин ишке кирип жатканы тууралуу айтып берет.

1990-жылдары Советтер союзу кулап, Кыргызстан өз көз карандысыздыгын жарыялагандан кийин заводдун биринчи чоң көйгөйлөрү башталган. Ошол кезде ал көйгөйлөрдү советтик ишканалардын көпчүлүгү башынан кечирген – кийин ал ишканалардын айрымдары менчиктештирилип кетсе, айрымдары мамлекетке иштеп калган.

Кийин баарын сата башташты, бизди, жумушчуларды кыскартышты, баары начарлай баштады. Баарына кыйын болду, айрыкча талкалай башташканда, айлык төлөгөнгө акча жок, завод бизге карыз болуп“, – деп эстейт заводдун дагы бир мурдагы жумушчусу.

Акционерлердин алмашуусу жана документтердин жоктугу

Заводдун акционерлеринин алмашуусунун хронологиясын таап чыгуу абдан эле кыйын. Маммүлк фондунун айтымында, 20052010-жылдардагы революциялардан кийин заводдун документтери жоголуп кеткен, ал эми Кыргыз фондулук биржанын сайтынан болсо акционердик коомдун бардык жылдар боюнча отчетторун табууга мүмкүн эмес.

Маммүлк фондундагы болгон маалыматка караганда, заводдун 35% акциясы ишкананын жумушчуларына тийген, ал эми 4,95%ы купондук аукциондордо сатылган. Ал 90-жылдарда өткөн болсо керек – муну ошол кездеги гезит архивдери далилдеп турат.

Фонддун, ар кандай маектердин жана 1990-жылдардын аягындагы гезит макалаларындагы маалыматтарга караганда, калган 60,5% акция өз кожоюндарын мамлекеттен тартып белгисиз орусиялык акционерлерге, юридикалык, физикалык тараптарга чейин алмаштырган.

Заводдун акционерлери тууралуу жалпыга жеткиликтүү болгон эң эле биринчи документ 2012-жылдын октябрына таандык. Андан заводдун акцияларынын 67%дан турган контролдук пакети үч орусиялык акционерлерге өткөнүн көрүүгө болот, ал эми Маммүлк фонду 24,79% акцияга ээ.

Советтер союзу кулагандан кийин ишкана эркин рынокто иштегенге аракет кылган, бирок 2000-жылдардын башында атаандаштыкка туруштук бере албай калган. Завод өз мүлктөрүн күрөөгө коюп, өнүгүү үчүн насыя алган, бирок аны төлөй албай калып, карызы ошол бойдон калган.

Инвестицияны алдыга жылдыруу жана коргоо боюнча агенттиктен билдиришкенине караганда, 2005-жылдан баштап Кайыңды кабель заводу киреше таппай калган.

Кайра иштетүү үмүтү

2011-жылдан 2017-жылга чейин Алмазбек Атамбаевдин президенттик жылдарында заводго бир канча өкмөттүк делегация барган, алар ишкананы кайрадан ишке киргизүү керектигин белгилешкен.

Ушундай делегациялардын бир сапарынан кийин 2013-жылы өкмөт башка мамлекеттик ишканаларга продукцияларды Кайыңды кабель заводунан буюртма берүүлөрүн талап кылган. Адегенде биринчи буюртмалар берилип иш башталган, бирок кызматташуу ошону менен токтогон.

Аткаминерлер Кыргызстан Евразиялык экономикалык союзга кирсе кыргыз кабелине жаңы рынок ачылып, баары жакшы болот деп үмүт кылышкан. 2015-жылы Кыргызстан ал союзга кирген менен жыйынтык өкмөт күткөндөй болгон эмес.

Заводдун директору Бектур Калыков менен өкмөт көйгөй ишкананын атаандаштыкка туруштук бере албай жатканында деп эсептешкен – ишкана рынокту толтуруп салган кытай продукциясы менен атаандаша албай калган, кала берсе башка мамлекеттик мекемелер дагы кытайдын продукциясын алышат.

Тилекке каршы, көпчүлүк продукциянын арзанына карайт, башка жагы эч кимди кызыктырбайт“, – дейт Бектур Калыков “Вечерний Бишкек” басылмасына.

Сооронбай Жээнбеков Президент болуп шайланардан бир канча ай мурда ишкананы сатуу чечими кабыл алынган.

Инвестицияны алдыга жылдыруу жана коргоо агенттигинин төрагасынын орун басары Нурадил Баясовдун айтымында, инвесторлор менен сүйлөшүүлөр 2017-жылдан башталып, заводдун мүлктөрүн жаңы кожоюндарга өткөрүп берүүсү 2018-жылы аяктаган.

Балким, жаңы кожоюндар менен ишкананын цехтери кайра ишке кирип, жаңы компания бюджетке салыктарды төлөп, киреше таап баштайттыр, бирок азыр анын тарыхында күмөндүү тактар бар.

Кытай инвестору жана таасирдүү ортомчу

Заводдун жаңы кожоюну кыргыз фирмасы “Металл-Кен” болуп калды, анын ээлеринин бири кытайлык компания Fujian Taihao International TradeБаясовдун айтымында, агенттик инвесторлорго бир канча ишканаларды көрсөтүшкөн, жыйынтыгында алар дал ушул Кайыңды кабель заводуна токтолушкан.

Инвесторлор Кайыңды кабель заводунун акцияларын сатып алуудан башташкан эмес, тескерисинче, ар кандай жолдор менен ишкананын өндүрүш кубаттуулугун жана мүлктөрүн алууну чечишкен.

Мүлктөрдү өткөрүп берүү процесси 2018-жылдын май айынан тартып августка чейин созулган жана бул үчун ортомчулар дагы тартылган – алар экс-президент Сооронбай Жээнбековдун кудасы, депутат Алиярбек Абжалиевдин мурунку аялы жана анын туугандары болгон.

Депутат Абжалиевдин мурунку жубайы Гүлсара Сулайманова “Металл-Кендин” ээлеринин бири болуп чыккан, ал эми анын бир тууган сиңдисинин жолдошу Айбек Турдубаев жана бир тууган иниси Кушбак Сулайманов Кайыңды кабель заводунун акционерлеринин курамына кирген.

Адегенде 2018-жылдын май айынын ортолорунда “Металл-Кен” заводдун мүлктөрүнүн бир бөлүгүн сатуу-сатып алуу келишимдери менен алган, андан кийин процесске Турдубаев менен Сулайманов кошулган. Июлдун ортосунда алар акциялардын контролдук пакетине ээ болуп алып, акционерлердин жыйынын чакырышкан. Ал жыйында карызды төлөө үчүн заводдун мүлкүн “Металл-Кенге” өткөрүп берүү чечимин кабыл алышкан – тагыраак айтканда, өзүнүн тууганы Гүлсара Сулайманова менен кытай инвесторлоруна өткөрүп беришкен.

Заводдун дээрлик бардык мүлкү 2018-жылдын август айынын аягына чейин “Металл-Кенге” өтүп бүткөн. Мүлктүн бир бөлүгү карыз үчүн күрөөдө турганына байланыштуу, завод өзү гана бербестен, карызга доо коюу укугуна ээ болгон компания дагы берген.

Мүлктү өткөрүп берүү учурунда карызды доолоо укугу Crannet Corporation компаниясына таандык болгон. Ал тууралуу маалыматтар жокко эсе, болгону аты окшош болгон ушундай компания оффшордук аймак болуп саналган Британиянын Виргин аралдарында катталган.

Жалгыз жана абдан маанилүү – заводдун негизги имаратын “Металл-Кен” ишканасы ала алган эмес. Ал имаратты кыргыз компаниясы “Таргет Компани” колдонуп жүргөн. Ошол эле жылдын апрель айынын аягында жана май айында бул имаратты УКМК НДСти кайтаруу боюнча кылмыш ишине байланыштуу операциясы учурунда камакка алып, “Таргет Компани” компаниясынын ээлерин кармаган.

УКМК менен кызматташуу

“ПолитКлиникага” белгилүү болгондой, ошол эле жылдын май айында Абжалиевдин мурунку жубайы жана атайын кызматтарга байланыштуу дагы башка окуя орун алган. Ошол кезде Гүлсара Сулайманова жана Айбек Турдубаев ээлик кылган “Аскарэнерго” компаниясы УКМКга тийиштүү болгон жерге офис курган жана Бишкектин Батыш тарабындагы УКМК коттедждерине электр энергиясын жеткире баштаган. Ушул эле компания кийинчерээк Кайыңды кабель заводуна дагы электр энергиясын жеткире баштайт.

Журналисттер УКМКдан Абжалиевдин мурунку жубайынын компаниясы менен кызматташтыгы тууралуу сураганда, “Азыркы учур менен билдиребиз, [УКМКны] “Аскарэнерго” тейлебейт” деп кыска, супсак жооп беришкен.

Ошентип 2018-жылдын аягында “Металл-Кен” Кайыңды кабель заводунун цехтеринин жана жерлеринин жаңы кожоюну катары белгилүү болгон. Ал эми акционердик коом кагаз жүзүндө гана кала берген.

«Мамлекетке тыйын да жок»

Азыр Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду акционерлердин жыйыны мыйзамсыз болгонун сотто талашып, заводдун мүлктөрүн кайтарууга аракет кылып жатат. Бирок, азырынча андан майнап чыга элек.

Фонддун өкүлү, Акционердик коомдорду башкаруу башкармалыгынын жетекчиси Тимур Малбашев ПолитКлиникага” айтып бергенине караганда, 2018-жылы жаңы акционерлер Маммүлк фондуна акционерлердин жыйыны болот деп айтып туруп, бирок башка күнү өздөрүнчө өткөрүп салышкан.

Акционерлердин бири катары бизге маалымат беришти. Бирок кайсы маселелер каралары көрсөтүлгөн эмес. Бизге башка күндү айтып туруп, жыйынды өзүлөрү башка күнү өткөрүп салышыптыр. Кийин биз кытай компаниясы кирип калганын билдик“, – дейт ал.

Малбашевдин айтымында, мамлекет акциялардын 24,79%ына ээ болгонуна карабастан, бул келишимдерден “бир тыйын дагы” алган эмес. Азыр эми бул акциялар жөн гана кагаз жүзүндө калды.

Акционерлердин жыйыны мыйзам бузуулар менен өткөн, биз муну менен макул эместигибизди айтып, соттошуп жатабыз. Бир эле мыйзамдуу жол – бул чечимди жокко чыгаруу. Мунун эки жолу бар: биз бардык акционерлерди чогултуп кабыл алынган чечимдерди кайра жокко чыгарышыбыз керек, же биз соттун чечими менен жокко чыгарышыбыз зарыл. Биринчи жолго макул болушкан жок, биз сотту тандадык“, – дейт ал.

Абжалиев өзү мурунку жубайынын бизнесине тиешеси жоктугун, аларга аралашпай турганын айтат. Депутат “Металл-Кендин” өкүлүнүн телефон номерин журналисттерге берди, ал өкүл мүлктүн өткөрүлүп берилиши боюнча айрым фактыларды тастыктап берди, бирок Маммүлк акционерлердин жыйынына келбей койгон деп айтты.

Абжалиевдин мурунку жубайынан комментарий алууга болгон аракетибизден майнап чыккан жок. Аны менен байланышууга аракеттерден кийин парламенттин депутаттарынын бири журналисттер менен байланышып, Абжалиевдин суранычы боюнча чалып жатканын айтып, “ПолитКлиника” завод тууралуу макаланы чыгарбаш үчүн “сүйлөшүүгө” чакырды.

Абжалиев мурунку жубайынын бизнесине тиешеси жоктугун айткан менен өкмөттөгү булактар бул ишкананы “Абжалиевдики” деп атады.

Ал эми «МеталлКен» өзү болсо журналисттерге берген расмий жообунда, компания металлды кайра иштетүүчү завод куруу инвестициялык долбоорун ишке ашырып жатканын, 2020-жылдын үчүнчү кварталына ишке киргизүү пландалганын айтты.

Бирок, коронавирус пандемиясы заводду ишке киргизүү ишин артка тарткан.

Журналисттер заводдун ишмердүүлүгүнө кызыгып баштагандан кийин 2020-жылдын ноябрь айында өкмөттүк делегациянын сапары уюштурулду. Делегация компанияга жабдыктарды жана жумушчу күчтөрдү жеткирүүгө жардам берүүнү убада кылды.

Азыр өкмөт өндүрүшкө 50 млн доллар салган компания 2021-жылдын биринчи кварталында ишке кирип, Кайындыдагы жана ага жакын жерлердеги эки жүзгө жакын адамды иш менен камсыз кылат деп үмүт кылып турат.

Автор: ПолитКлиника медиа командасы
Менторлор: Эльдияр Арыкбаев, Атанас Чобанов, Владимир Тхорик
Фактчекер: Инна Кывыржик

Иликтөө Кыргызстандагы Интерньюс тарабынан ишке ашырылган TRACK долбоорунун колдоосунда даярдалып, редакциянын өз алдынча аткарылган иши болуп саналат. Берилген материалдагы пикирлер Интерньюстун жана анын шериктеринин көз караштарын сөзсүз түрдө чагылдырбайт.