(Кыргыз) Рахмон чынында эле Путинден орден алды: Тажикстандын жетекчиси 70 жылдык юбилейин белгилеп жатат

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Кыргызстандык коомдук тармактарда 4-октябрда Тажикстандын президентинин Орусия Федерациясынын президенти Владимир Путинден орден алганы катуу талкууланууда. Factcheck.kg редакциясы бул маалыматты текшерип көрүүну туура көрдү.

Орусиялык “ТАСС” маалыматтык агенттиги “Эмомали Рахмон – улутту ынтымакка келтире алган президент” деген аталыштагы материалды жарыялаган. Тажикстандын президентине орденди тапыруу жөнүндө макала ал “Шаршембиде 70 жылдык юбилейин белгилейт” деген маалымат менен башталып, андан ары өлкөсүнө сиңирген эмгектери тизмектелет.

Макала бул орденди тапшыруу аргументтери менен аяктайт: “Орусия Федерациясы менен Тажикстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөөгө жана ошондой эле аймактагы туруктуулукту жана коопсуздукту камсыздоого чоң жеке салымы үчүн”.

Sputnik Таджикистан дагы Рахмон “аймактык коопсуздукка” салым кошту деп белгилейт:

Орусиянын укуктук маалыматтардын расмий интернет порталында Рахмонго орден тапшыруу тууралуу жарлык жарыяланган:

Тыянак: чындык. Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон чынында эле орустардын лидери Владимир Путинден орден алды.