(Кыргыз) Беларуссиянын Украинадагы согуштагы ролу

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

2021-жылдын ноябрь айында Беларуссиянын президенти Александр Лукашенко “Эгер Донбасста же Орусия менен чектеш аймактарда согуш башталса, Беларусь четте калбайт”, –  деп айткан. Кийинчерээк Лукашенко өзүнүн  бул билдирүүсүн  бир нече жолу тастыктады.

 Эки отургучта тең отуруу

Согуш башталганга чейин, тактап айтканда 10-февралда Орусия жана Белорусь биргеликте “Союздук чечкиндүүлүк” аттуу машыгууларды башташкан.  Анда “Беларустун Куралдуу Күчтөрүнүн Жалпы аскердик полигондорунда окутуу “коргонуу операциясынын жүрүшүндө Тышкы агрессияны токтотуу жана чагылдыруу, ошондой эле терроризмге каршы туруу жана союздук мамлекеттин кызыкчылыктарын коргоо боюнча милдеттерди иштеп чыгуу максатында” жүргүзүлүп жатканы  маалымдалган.

Батыш өлкөлөрү Орусия мындай жол менен коңшу Украинага басып кириши мүмкүн, деп чочулашкан.  Орусия жана Минск ошол кезде мындай пландары жок экенин чечкиндүү билдиришкен болчу.

Бирок Орусиянын президенти Владимир Путин 24-февралга караган түнү Украинага каршы “атайын аскердик операция” деп атап согуш башталганын жарыя салды.

Ушул эле түнү, 24-февралда Александр Лукашенко аскер кызматкерлери менен болгон ыкчам жыйында “бизге бир жагынан бокко илешкенге, экинчи жагынан саткынчы болууга болбойт ”, деп  сүйлөгөнү бар.  Дал ушул принципти Беларусь мамлекети Украинада болуп жаткан согуш учурунда карманууда.  Муну өлкө башчысынын башка билдирүүлөрүнөн да байкоого болот.

Ошол кезде Беларуссиянын лидери Украина тарапта чек арадан 10-15 чакырым алыстыкта бир нече ракета дивизиялары турат деп  айткан.  Анын сөзү боюнча чалгындоо маалыматтарына ылайык украин тарап Беларуссиянын машыгуудан кийин калып калган орусиялык аскерлер жайгашкан аймагына сокку урууга даярданып жаткан.

27-июнда Беларусь Орусияга Украинага каршы согуш үчүн ок-дарыларды жеткирип жатканы белгилүү болду.

11-августта Беларусь мамлекетинин 13 миңге жакын аскерлери Украинага каршы согушка катышууга макулдукка кол   коюптур.

Ошол эле учурда Лукашенко Беларусь эки мамлекет ортосунда сүйлөшүүлөрдү,  Украинадагы кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салууну жактайт жана анын өлкөсүн согушка тартууну  каалап жатышат деп билдирүүдө.

Белорусь жашоочуларынын маанайы

Өз кезегинде Беларусь мамлекетинин жашоочуларынын маанайы өлкө башчысыныкындай эмес. Chatham House уюмунун изилдөөсүнө ылайык  респонденттердин 59 пайызы Беларуссиядан Украинага кесипкөй контрактчыларды жөнөтүү зарыл деп эсептебейт.

Сурамжылоого катышкандардын 58 пайызы Белорусь Орусияга колдоо көрсөтүп Украинага аскерлерин жибербеши керек деген ойлору менен бөлүшкөн.

56 пайызы Белорусь бул согушта эки мамлекетке тең тартпай нейтралдуу позицияны карманышы керек деп ойлойт.

Бул согушка катышуу – Белорусь үчүн катастрофа деп респонденттердин 57 пайызы эсептейт.

Ал эми 79 пайызы  беларуссиялык аскерге чакырылгандар бул согушта каза болбошу керек деп айтышты.

Путин менен Лукашенконун өз ара мамилелери

Өткөн жылдын аягында Александр Лукашенко интервью берип жатып Орусиянын президенти Владимир Путин менен “бир туугандык, жылуу мамилелер” байланыштырат деп ачык билдирген.

«Биз ал менен дайыма сен деп сүйлөшөбүз. <…> Биздин эмнебиз окшош? Биз стол үстүндө отурганда мен ага айтам: “Мени уксаң, мен кээде эмнеге сен экөөбүз реалдуу чындыкты бирдей кабыл алабыз деп ойлоно берем?”. Философиялык тил менен айтканда мен ага минтип айтам: “Сен короодо чоңойгонсуң, мен көчөдө. Тактап айтканда, экөөбүз тең төмөн жактан келгенбиз. Ал айтат: “Туура” деп.

Ушул жылдын май айында ал дагы бир жолу сөзүн тастыктап, “абдан татыктуу, чынчыл жана ачык мамилелер, айрыкча азыр” деп белгиледи.

Талдоочулар болсо “Беларуссияны эгемендүү мамлекет деп эсептесе болобу?” деген суроо узатышты. Анткени акыркы окуялар республиканын тышкы башкарууга өткөндүгүн айгинелеп турат. Чындыгында бардык негизги чечимдер Кремлде кабыл алынып, Лукашенкого таңууланып жатат.

БүтүмБеларуссиянын президенти Александр Лукашенко Украина менен болгон согушта Россияны ачык колдогонуна карабастан, беларус жарандарынын дээрлик 60 пайызы өлкөсүнүн согушка катышуусуна каршы.