(Кыргыз) Компанияны башкарат, жыттарды сезет, COVIDди аныктайт. ЖИ бүгүн дагы эмнеге жарайт?

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Жасалма интеллекттин өнүгүү динамикасын баардык адам көрүп жатат. Мындан 10 жыл мурда Google колдонуучуларында автоматтык которуу мүмкүнчүлүгү пайда болгон, бирок ал башында айрым гана сөздөрдү араңдан зорго которот эле. Ал эми бул күндөрү Google Translate чоң көлөмдөгү тексттерди которо алат, терилген текстти үн чыгарып окуй алат, үн менен айтылгандарды текстке айландыра алат, камера аркылуу заматта которот, 100дөн ашык тилде баарлашканга, материалдарды окуганга жардам берип келет.

Жасалма интеллект болуп көрбөгөндөй тездикте өнүгүүдө. Factcheck.kg редакциясы жасалма интеллект боюнча эң акыркы жетишкендиктерди чогултканга аракет кылды.

Эскерте кетсек, ЖИ – бул адам акылынын күчү жеткен маселелерди чече алган система же машине, ал алган маалыматтардын негизинде үйрөнө алат.

Робот-жетекчи

2022-жылдын августунда Кытайда онлайн-оюндарды иштеп чыгарган Fujian NetDragon Websoft компаниясынын генералдык директору болуп Тан Ю ысымындагы кыз-робот дайындалганы белгилүү болду. Ал жасалма интеллекти бар адамга окшош робот.

Тан Ю компаниянын күнүмдүк иш алып баруусуна жооп берет. Анын дайындалышы менен иштин сапаты жана анын аткарылышынын ыкчамдыгы жакшырат деп күтүлүүдө.

Ошондой эле ЖИ директорлордун кеңеши үчүн аналитикалык маалыматтарды чогултуп, иштеп чыгат. Компания ЖИ тобокелдиктерди башкарууну жакшыртат деп үмүт кылат.

Андан сырткары Тан Ю кызматкерлердин шыгын арттырууга жана алар үчүн калыс жана бирдей иш шарттарын түзүүгө жардам бермекчи.

Иллюстративдүү сүрөт

Робот-гуманоид тамашаны түшүнөт жана күлө алат

Жапонияда адамдардын тамашасын түшүнүп, күлө алган жасалма интеллекти бар робот гуманоидди иштеп чыгышты.

Изилдөөчүлөр буга чейин иштеп чыгарылган, адамдар менен жөнөкөй маекти жүргүзө алган робот-гуманоидге күлкүнү талдаш үчүн жасалма интеллекттини кошушкан.

Робот маектешип жаткан адамдын үнүн талдап, үнүнүн катуулугун маектин жүрүшүнө жана мазмунуна тууралап күлө алат.

Аны иштеп чыккандар ушуга окшош роботтор кары адамдар үчүн эң жакшы жардамчылардан боло алышат деп үмүт кылышат.

Ошондой эле окумуштуулардын командасы чогуу күлкүнүн адамдын психологиясына тийгизген таасирин изилдөөнү пландаштырууда.

ЖИ тексттин негизинде видеоролик жасай алат

Бул жумада Meta компаниясы Make-A-Video деген аспапты сунуштады. Ал жасалма интелекттин жардамы менен тексттин негизинде кыска видеороликти жасай алат.

Ошондой эле система сүрөттөрдүн негизинде видеону, мурда жасалган видеолордун негизинде ага окшош роликтерди жарата алат.

Meta’нын маалыматы боюнча, Make-A-Video жакында баардык колдонуучулар үчүн жеткиликтүү болот.

ЖИ таажычан вирусту аныктай алат

ЖИ бүгүнкү күндө пациенттин үнүнөн таажычан вирусту жуктуруп алганын аныктай алат. Аны үчүн атайын тиркеме иштелип чыккан.

Европалык респиратордук коомдун эл аралык конгрессинин изилдөөсүнө ылайык, ЖИ экспресс тестке караганда адамдын ковидди жуктуруп алганын тагыраак аныктай алат (89%) жана ошол эле кезде экономикалык жактан ал арзаныраак. Бул киреше деңгээли төмөн болгон өлкөлөр үчүн инфекцияны батыраак жана тагыраак аныктаганга жакшы мүмкүндүк берет.

Белгиленгендей, 4 миң адамдын үндөрүнүн жазуулары колдонулуп, алардын 300ү таажычан вирусту жуктуруп алганы аныкталган. Жазылган үндөрдү тиркемеге жүктөө аркылуу ооруган адамдын үнүнүн өзгөрүшүн аныктаган ЖИнин моделин иштеп чыгууга мүмкүн болду.

Иллюстративдүү сүрөт

ЖИ жыттарды аныктайт

Google компаниясынын изилдөөчүлөрү жасалма интеллектти жытты, алардын башка жыттарга окшоштугун аныктаганга жана ушул эле жыттарды жаныбарлар кандай сезээрин билгенге үйрөтө алышты.

Аны үчүн изилдөөчүлөр 5 миң ар түрдүү молекулалардын даамы жана жыты тууралуу маалыматтарды колдонуп, жыттардын картасын түзүшкөн.

Жыйынтыгын текшерүү максатында 15 адамга 320 жаңы заттын жытын сүрөттөп берүүнү суранышкан. Адамдар ар бир жытты башкараак сезишкендиктен, экспериментке катышкандардын орток көрсөткүчтөрү колдонулуп, алар ушул эле жыттар боюнча жасалма интеллекттин жыйынтыктары менен салыштырылган. Google изилдөөчүлөрүнүн билдирүүсүндө, ЖИнин жыйынтыктары адамдардын орток пикирине караганда жыт боюнча жалпы көрсөткүчкө жакыныраак болгон. “Башкача айтканда, модель молекуланын түзүлүшү боюнча жыт кандай болоорун тагыраак божомолдоп бере ала тургандыгын көрсөттү.”

Иллюстративдүү сүрөт

ЖИ эски сүрөттөрдү калыбына келтире алат

Кытайлык Tencent компаниясынын инженерлери GFP-GAN аталыштагы ЖИ системасын тартуулашты. Ал эскилиги жеткен сүрөттөрдү калыбына келтирип, алардын тактыгын кыйла жакшырта алат.

Анда NVIDIA’нын Style GEN-2 модели атайын окутуудан өткөрүлгөн. Бул ыкмада сүрөттөгү адамдардын “иденттүүлүгүн” сактоого басым кылынат, адамдардын көзүнө жана оозуна өзгөчө көңүл бурулат.

Бул мүмкүнчүлүктү каалаган адам колдоно алат. Аны үчүн программанын сайтына өтүү гана керек. Сайттан Choose file (файлды издөө) деген пунктту тандап, керектүү эски сүрөттү жүктөп (аны алгач скандап алуу зарыл), “Restore photo” деген баскычты басып, бир аз күтүп туруу зарыл. Даяр сүрөттү компьютерге жүктөп алса болот.

ЖИ жазуучу менен биргеликте китеп жазды

Орусияда жазуучу Павел Пепперштейн жасалма интеллект менен кошо авторлукта жазган китеп басылып чыгарылды.

Орус жазуучусу SberDevices командасы иштеп чыккан ruGPT-3 нейротармагы менен биргеликте “Ойгонуу аракетинде” («Пытаясь проснуться») деген аңгемелер жыйнагын жазган. Китеп кагаз түрүндө да, электрондук форматта да жеткиликтүү.

Жыйнакта 24 аңгеме бар. Алардын жарымын Пепперштейн, калган жарымын нейротармак жазган. ruGPT-3 жазган бардык тексттер жарыяланган эмес. Пепперштейн жана китеп басылып чыгарылган Individuum басма үйүнүн башкы редактору Феликс Сандалов эң мыктыларын тандып чыгышкан.

Гарвард университетинин божомолу боюнча, 2030-жылы ЖИнин негизиндеги тиркемелер кеңири тарап, көп пайда алып келишет, ал эми метаалам биздин элестетүү мүмкүнчүлүгүбүз менен гана чектелмекчи.

Транспорт, саламаттык сактоо, билим берүү, оюн-зоок чөйрөсү, ишке орношуу, коомдук коопсуздукту камсыздоо тармактарында жасалма интеллектин таасири чоң болот, ал эми үй/кызмат көрсөтүү роботтору кадыресе көрүнүшкө айланат.

Ошондой эле, эксперттердин айтымында, метааламдагы көрүнүштөрдү, үндөрдү, жыттарды чындыктан айырмалоо оор болот. VR очкилердин мүмкүнчүлүктөрү дагы кеңейет, үйдө отуруп эле тарыхый жерлер менен таанышууга мүмкүндүк берген акылдуу кийимдердин, мээлейлердин пайда болушу күтүлөт.