(Кыргыз) Эртеңки күндөн баштап бизди тыңшай башташабы? Мессенжерлерде кезектеги билдирүү таркатылууда

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Окурмандар Factcheck.kg редакциясына телефон аркылуу байланышуунун жаңы эрежелери тууралуу маалыматты текшерип берүү суранычы менен кайрылышты. Бул маалымат боюнча, мындан ары баардык телефон чалуу жана телефон аркылуу сүйлөшүүлөр жазылып, коомдук тармактар мониторингделип турмак имиш. Мессенжер аркылуу таркатылып жаткан билдирүүдө жашыруун маалыматты, ал эмес тамашаны да жибербөө сунушталат.

Factcheck.kg чынында эле ушундайбы, текшерип көрду.

Спойлер: Бул текст мурда бир нече жолу жана башка өлкөлөрдө да таркатылган.

“Өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу эртеңки күндөн баштап коммуникациянын жаңы эрежелери киргизилет.

Баардык чалуу жазылат.

Телефон чалуунун бардык жазуулары жазылат.

Whatsapp’тагы баардык билдирүүлөр жана чалуу жазылат.

Twitter мониторингделет.

Facebook мониторингделет.

Баардык коомдук тармактар жана форумдар мониторингделет.

Билбегендерге билдирип койгула.

Баардык түзүмдөр CDMX мекемелик системаларга байланыштырылган.

Кереги жок маалыматты, же мыйзамга жана адептүүлүкко жатпаган маалыматты жиберүүдөн кармангыла.

Досторуңарга жана туугандарыңарга жашыруун маалыматты айткандан сактангыла. Балдарыңарга да айткыла жана абдан сак болгула! Бул маалымат менен бүгүн гана бөлүшүү өтө маанилүү.

Анткени эртеңден баштап өлкөдө байкоо жүргүзүүнүн жаңы формасы пайда болот.

Ишенүүгө кыйын, бирок ушундай.

Жөн гана бүгүн жакындарыңарга жана досторуңарга “Жазганыңардын же айтканынардын баардыгы, ал эмес тамаша дагы силерге каршы колдонушу мүмкүн” дегенди жиберип койгула.

Factcheck редакциясы ИИМдин жана УКМКнын сайттарынан Кыргызстан жарандарынын мобилдик тузүмдөрүнө мониторинг жүргүзүү боюнча ушуга окшош чаралар тууралуу билдирүүлөрдү таба албады.

Ошондой эле журналисттер ушуга окшош билдирүүлөр коомдук тармактарда буга чейин да таркатылганын аныктады, ушуга окшош текстти орусиялык сайттардан тапса болот.

Бул маалымат 2017-жылдан бери таркатылып жатканы билинди. Бул билдирүүлөр Казакстанда, Орусияда, басып алынган Украинанын аймактарында, ошондой эле Донбаста таркатылган. КР УКМКсы бул билдирүүнү 2018-жылы эле төгүндөп, жалган маалыматты таркаткандыгы үчүн жоопкерчилик каралганын эскерткен.

Эскерте кетсек, КР Конституциясына ылайык ар бир адам кат-кабар алышуунун, телефондук жана башка сүйлөшүүлөрдүн, почта, телеграфтык, электрондук жана башка кабарлашуулардын купуялуулугуна укуктуу. Бул укуктарды чектөөгө мыйзамга ылайык жана сот чечиминин негизинде гана жол берилет.

Тыянак: калп. “Коммуникациянын жаңы эрежелери” тууралуу билдирүү бир нече жылдан бери жалгыз Кыргызстанда гана эмес, башка өлкөлөрдө да таркатылып келет.

Factcheсk.kg редакциясы ар бир кабыл алынган маалыматтын аныктыгын текшерүүнү сунуштайт. Маалыматтын булагын таап, аны бир канча булактан текшерип көрүү зарыл, расмий кызматтагы адамдын билдирүүсүн расмий булактардан текшергиле. Эгер маалымат булагынын аты-жөнү белгисиз болсо, анда ага ишенбеген туура, андай маалыматтын калп болушунун ыктымалдыгы чоң.