(Кыргыз) Мэрлер жана вице-мэрлер 2021-жылы канча табышты? Текшеребиз

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Мамлекеттик салык кызматы (МСК) 2019-жылдан бери биринчи жолу борбор калаанын мэрлеринин кирешелери жана чыгашалары тууралу маалыматты жарыялады.

Factcheck.kg редакциясы алардын 2021-жылдагы декларацияларын текшерип чыгып, кимде эмне бар экенин аныктады.

МСКнын маалыматы боюнча, Бишкектин экс-мэри Айбек Джунушалиевдин 2021-жылдагы кирешеси 1 млн сомду (968 341 сомов) түзгөн (же айына 80 миң сомдон), ал эми жакын туугандарыныкы – 220 миң сом. Акыркыларга аянты 838 чарчы метрди түзгөн үй катталган. Мурдагы шаар башчынын декларациясында башка эч нерсе көрсөтүлгөн эмес. Эскерте кетсек, ал 2021-жылдын августунан 2022-жылдын февралына чейин мэрлик кызматты аркалаган.

Айбек Джунушалиев КРдин Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинде статс-катчы кызматында (2015-жыл) 573 миң сом тапкан. Анын Toyota Kluger маркасындагы автоунаасы болгон. Анын туугандары 2015-жылы 151 миң сом табышкан жана аларга 27 чарчы метрлик үй катталган болчу. Белгилей кетсек, Джунушалиев 2015-жылдан баштап 2021-жылга чейин мамлекеттик кызматтарда иштеген эмес.

Учурдагы экономика жана каржы маселелери боюнча вице-мэр Мирланбек Байгончоков 2021-жылы 1 млн 637 миң сом тапкан (же айына 136.4 миң сомдон). Анын 1 млн 356 миң 137 сом өлчөмүндөгү жеке аманаттары болгон, ал эми туугандарыныкы – 254 миң сом. Байгончоковдун 150 чарчы метрлик батири, 26 чарчы метрлик гаражы, 2 млн 420 миң сомдук койлору жана 200 миң сомдук жылкылары болгон. Бул кызматка ал 2021-жылдын сентябрында отурган.

КРдин Каржы министринин орун басары кызматында иштеп турган 2018-жылдын декларациясында ал 791 миң сом өлчөмүндөгу кирешени көрсөткөн, ал эми чыгашалары 7.5 млн сомду түзгөн, туугандарынын кирешелери болсо 4.6 млн сом өлчөмүндө болгон. Кыймылсыз мүлккө тийиштүү графада батир (150 чарчы метр) жана гараж (26 чарчы метр) көрсөтүлгөн.

Социалдык маселелер боюнча вице-мэр Виктория Мозгачеванын кирешеси кесиптештерине салыштырмалуу азыраак – болгону 723 миң сом (же айына 60 миң сомдон), ал эми туугандарыныкы – 504 миң сом. Анын Toyota Camry маркасындагы автоунаасы бар, ал эми туугандарыныкы – Honda CRV.

Factcheck.kg редакциясы Мозгачеванын башка жылдардагы декларацияларын таба албады.

Кошумчалай кетсек, жогоруда аталган аткаминерлердин биринин да Юстиция министрлигинин маалыматтар базасында катталган коммерциялык компаниялары болгон эмес.

Октябрдагы окуялардан тартып 2021–жылдын августуна чейин Бишкек шаарынын тогуз калаа башчысы алмашса да мамлекеттик салык инспекциясы башка мэрлердин кирешелери жана чыгымдары тууралуу маалыматтарды жарыялаган эмес. Алардын айрымдары расмий түрдө шаар башылчары болуп иштегенге жетишкен, калгандары – милдетин аткаруучу бойдон калышкан. Баарынан аз мэрлик кызматта Эрмек Нургазиев болгон – болгону 4 саат.