(Кыргыз) Урмат Насыкулов, “Реформа”: 70% шаардыктар – жөө жүргүнчүлөр, 30%ы – айдоочулар

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Бүгүн 1-апрелде Бишкек шаардык кеңешке аттанган партиялардын көз карандысыз дебаты жүрүп атат.  Дебатта Кыргызстан элдик демократиялык партиясы (КЭДП) жана “Реформа” беттешти.

“Реформа” партиясынын өкүлү Урмат Насыкулов оппоненттеринин калаадагы айымдардын жашоосун өзгөртүүгө багытталган кадамдары тууралуу суроосуна шаардыктардын 70%ы жөө жүргүнчүлөр, ал эми 30%ы айдоочулар деп айтып өттү.

“Биз элден алардын көйгөйлөрү тууралуу сурап чыктык. Эл жолдун жетишсиздигин билдирди. Биздин программабыз адамдар үчүн түзүлгөн. Биз жумушубузду тротуарлардан баштайбыз […], аялдар коляска менен сейилдегенге мүмкүнчүлүк ала алат. Биздин айымдар үчүн өнүккөн шаарды курууга бет алабыз. Ал үчүн монорельс менен соода борборлору эмес, жөнөкөй тротуарлар керек. Бүгүнкү күндө шаардыктардын 30%ы гана айдоочулар, калган 70%ы жөө жүргүнчүлөр”, —  деди Насыкулов.

Изилдөөнүн жыйынтыгына ылайык, Бишкектин калкы миллион адамды түзөт,  жана борбор калаада 420 миң унаа катталган б.а. шаардыктардын 58%ы – жөө жүргүнчүлөр жана 42%ы айдоочулар.

Жыйынтык: жалган.