(Кыргыз) Киевде аткылоодон кийин үйлөрдү калыбына келтире башташтыбы? Текшеребиз

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Factcheck.kg редакциясына окурманыбыз кайрылып, Киевде чынында эле орус аскерлеринин аткылоосунан кийин үйлөрдү калыбына келтире башташканын текшерип берүүнү суранды. Ал коомдук тармакта жарыяланган аткылоого чейинки жана оңдоодон кийинки үйдүн сүрөтү бар пост менен бөлүштү.

Factcheck.kg редакциясы сүрөттүн аныктыгын текшерди.

Биз аныктагандай, үйлөр 25-февралда жабыр тарткан. Ал күнү орус аскерлери маанилүү стратегиялык объекттерди гана аткылабастан, турак-жай үйлөрду да аткылашкан. Алардын арасында Кошица көч. 7-а дарегиндеги көп кабаттуу үй да бар болчу.

Кийин украин борбор калаасынын бийлиги жабыр тарткан үйлөр жылытуу мезгили башталганга чейин энергия үнөмдөөчү технологиялар колдонулуп калыбына келтириле тургандыгын билдирген.

Дарница райондук мамлекеттик администрациянын басма сөз кызматы бузулган үйдө оңдоо-курулуш иштери бүткөнүн 2-ноябрда билдирди.

Кошумчалай кетсек, май айындагы абал боюнча Киевде жабыр тарткан үйлөрдү калыбына келтирүүгө болжолдуу түрдө €70 млн кетмек. Бул тууралуу Киевдин мэри Виталий Кличко жалпы улуттук телемарафон учурунда түз эфирде билдирген.

Анын айтымында, борбор калаада жалпысынан 390 имарат жабыр тарткан. Алардын 222 көп кабаттуу үйлөр болгон.

Ошондой эле аткылоодон 75 окуу жайлары, алардын ичинде 30 бала-бакча, 17 саламаттык сактоо жанан 11 маданий мекеме жабыр тарткан.

Киев областтык администрациянын Теlegram-каналында жарыяланган маалыматтар боюнча, Бучан районундагы, Ворзель айылындагы жана Ирпень шаарындагы үйлөр оңдолуп, калыбына келтирилүүдө.

Тыянак: чындык. Согуш уланып жатканына карабай, Киевде бузулган үйлөрдү калыбына келтире башташты.