(Кыргыз) Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму дүйнө элин COVID-19дан да коркунучтуу пандемияга даяр болгула деп эскерттиби? Текшеребиз

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (БДССУ) жетекчиси Тедрос Гебрейесустун айтымында COVID-19дан да коркунучтуу жаңы пандемия коркунучун жокко чыгарууга болбойт. ЖМКлар БДССУга шилтеме кылуу менен билдиришкен.

Factcheck.kg редакциясы бул маалыматтын аныктыгын текшерди.

Мисалы, Lenta.ru “Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму дүйнө элин COVID-19дан да коркунучтуу пандемияга даяр болгула деп эскертти” деген жаңылыкты жарыялаган.

Интернет-басылманын билдирүүсүндө, оору чыгып, көптөгөн өлүмдөргө алып келиши мүмкүн [COVID]дин жаңы түрүнүн пайда болушунун коркунучу сакталууда.

Lenta.ru БДССУ жетекчисинин: “Андан да коркунучтуу жаңы патогендин пайда болушунун коркунучу дагы эле сакталууда”, – деген сөзүн келтирет.

БДССУнун сайтында Тедрос Гебрейесустун Женевада өтүп жаткан Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо ассамблеясынын 76-сессиясында жасаган доклады тууралуу маалыматтар бар.

БДССУнун жетекчиси чынында эле жаңы ооруларды жаратып, жаңы өлүмдөргө алып келиши мүмкүн дагы бир түрүнүн пайда болушунун коркунучу сакталууда экенин билдирген.

“Андан да коркунучтуу жаңы патогендин пайда болушунун коркунучу сакталууда” – деген ал.

Гебрейесус жаңы пандемия пайда болгондо ага даяр болуш керек деп кошумчалаган.

“Биз даяр болуп, жалпы баарыбыз турушубуз керек”, – деген кеңешин берген.

Эскерте кетсек, май айында БДССУ COVID-19 эми эл аралык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал эмес деп билдирген.

Адамзат кандай пандемияларды башынан кечирди эле?

Кара тумоо (чума)

Адамзат бир нече пандемияны башынан өткөргөн. Бизге кара тумоонун үч пандемиясы белгилүү:  541–543-жж, 1347–1351-жж, 1885-жыл–азыркы убакытка чейин. Мисалы, 541-жылдан 543-жылга чейин кара тумоо 100 млн адамдын өмүрүн алып кеткен. XIV кылымда кара тумоо “Кара өлүм” атында белгилүү болгон, ал Европада 50 млн адамдын өлүмүнө алып келген.

Бүгүн кара тумоону антибиотиктер менен дарыласа болот, ал эми анын алдын алуу көп кыйынчылыктарды жаратпайт, бир гана стандарттуу сактануу чараларын жасаш керек. Кара тумоо жаныбардан адамга бүргө аркылуу, аба аркылуу жана ооруган адамдын буюмдарын колдонгондо жугат.

Тырышма (холера)

XIX кылымда Индиядагы Ганг дарыясынын дельтасында пайда болгон тырышма бүт дүйнө жүзүнө таркап кеткен. Андан кийин алты пандемия катталып, алар бардык континенттерде миллиондогон адамдардын өлүмүнө себепкер болгон. Учурдагы (жетинчи) пандемия 1961-жылы Түштүк Азияда башталган, 1971-жылы ал Африкага жеткен, ал эми 1991-жылы – Америкага. Учурда тырышма көптөгөн өлкөлөрдө эндемикалык (ошол жерге мүнөздүү) оору болуп эсептелет.

Сасык тумоонун пандемиясы

Сасык тумоонун вирусу качан адамга жуга баштаганы же пандемия жаратканы так тактала элек, бирок көп тарыхчылардын билдирүүсүндө сасык тумоонун биринчи пандемиясы 1510-жылы болгон. 1889-1893-жылдардагы орус сасык тумоосу биринчи жолу пандемия катары катталган.

Тыянак: чындык. Чынында эле БДССУнун жетекчиси жаңы оорулардын пайда болушунун коркунучу сакталууда деп билдирген. Бирок апдамзат миллиондогон адамдардын өлүмүнө алып келген бир нече пандемияларды башынан кечирген.