(Кыргыз) Бишкек шаардык кеңешине аттанган кандидаттардын жарымы эч жерде иштебейт

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Factcheck.kg Бишкек шаардык кеңешке депутат болгусу келгендердин тизмегине саресеп салып, алардын жарымы жумушсуз экенин аныктады.

БШКнын маалыматына ылайык, талапкерлердин 49,3%ы гана жумуш менен камсыз болгон. Алардын арасында жеке ишкерлер, коммерциялык уюмдардын кызматкерлери, журналисттер, Шаардык кеңештин учурдагы депутаттары жана башка кызматты аркалагандар бар. Кандидаттардын  47,5%ы иштебейт, алардын арасында өзүн үй кожойкелери, анан калса үй кожоюндары деп тааныштыргандары да бар.  Жалпыcынан тизмектегилердин 2,4%ы пенсияга чыккан, ал эми 0,4%ы студенттер. 

Жумушсуздарды өз катарына эң көп чогулткан партия — “Бүтүн Кыргызстан” партиясы. Экинчи орунда ыктыярчылар тарабынан түзүлгөн  “Биздин эл”, андан соң “Улутман”, “Ишеним” жана “Республика” партиялары. Ал эми иш менен алек болгон партиялардын катарында Кыргызстан элдик демократиялык партиясы, “Эмгек”, “Реформа”, “Элге бийлик” жана “Социалисттик партиясы”.