(Кыргыз) Окурмандарын сактап калган “Леди KG”

Извините, этот текст доступен только на “Киргизский”.

Учурда Кыргызстандагы гезит рыногу кыйла азая түштү. Мурда киосктордун бетинде илинип турган гезиттер көптүгүнөн бири бирин жаап турса, учурда өзүнчө арал болуп турган беш-алты гана гезитти көрүүгө болот. Басылмалардын көбү каржы тартыштыгынан жабылып калышты. Бирок ошол гезиттердин арасынан “Леди KG” азыркыга чейин окурмандарын жоготпой такай чыгып келет. Анын сыры тууралуу гезиттин башкы редактору Азиза Сатимбекоа менен маектештик.

Билдирме:

Леди.kg гезитинин алгачкы саны  2019-жылдын 22-декабрында жарык көргөн. Биринчи саны 2000 нуска менен чыккан.

2014-15-жылдары гезиттин нускасы 16-17 миңге жеткен.

Учурда гезит айына бир жолу 13-14 миң нуска менен чыгууда.

Леди.kg гезити 2012-жылы «Улуттук гезиттик премиянын» «Жылдын ачылышы», 2013-жылы «Мыкты дизайн» деген номинацияларынын жана 2014-жылы гезиттин башкы редактору Азиза Сатимбекова «Жылдын мыкты менеджери» деген номинациянын жеңүүчүсү болгон.

— Учурда гезиттердин басымдуу көпчүлүгү окурмандарын жоготуп, өзүлөрүн багалбай жабылып жатат. Ал эмес бир кездерде 100 миңден чыккан гезиттер силердин нускаңар менен чыгып калды. А силердин гезитиңер окурмандарын дээрлик жоготпой дагы эле чыгып жатканынын сыры эмнеде?

— Силер айтсаңар мен да ойлонуп таңгалып жатам. Караса, биздин окурмандарыбыз ошол эле бойдон экен. Болгону алар эми жума сайын эмес, ай сайын сатып алып окуп калышкан окшойт.

Биздин өзгөчө деле сырыбыз жок. Бир гана жумушка өтө жоопкерчиликтүү мамиле кылабыз. Ката кетирүү – биз үчүн чоң трагедия. Гезиттин ишинде ар кандай болот. Техникалык каталар кетип калат. Ошондо мен кадимкидей эле депрессияга түшүп кетчүмүн.

Дагы бир себеби – туруктуулугубуз болушу мүмкүн. Эмне гана болбосун биз жумасына үзбөй чыгып турат элек. Чыгарганга акча тартыш болгондо да карыздап таап, бирок сөзсүз өз убагында жума сайын чыгарчубуз.

Анан да изденип, окурмандарыбызга кызыктуу материалдарды бергенге аракеттенет элек: азыр эмне актуалдуу, эл эмнеге кызыгып жатат, кандай материалга суроо-талап көп деген сыяктуу.

— Окурмандарыңардын суроо-талаптарын кантип аныктап иштеп аттыңар? Телефон чалып сурайт белеңер, же атайын иликтөөлөрдү жүргүзөт белеңер?

— Ошондой иликтөөлөрдү жүргүзгөн учурларыбыз болгон. Негизинен гезитти жаңыдан чыгара баштаганыбызда. Анткени, өзүбүз да жакшы билчү эмеспиз, эмнени жазсак элге кызыктуу болорун. Ошондо биз жамаатыбыз менен аялдардын арасында сурамжылоо жүргүзүп келгенбиз.

Анан да жамаатыбызда 10 киши, жума сайын планерка жүргүзгөндө эле азыр эмне кызыктуу экенин билип алса болот. Ар бирибиз өз оюбузду ортого таштайбыз, талкуулайбыз, кайсы тема кызыктуу болушу мүмкүн деп. Көбү кызыктуу деп эсептеген теманы элге да кызыктуу болот го деген божомолдо тандайбыз

Андан да сырткары эл менен такай байланыштабыз. Окурмандардын пикирлерин, сунуштарын угуп турабыз.

— Гезитиңердин сыры боюнча менин да божомолум бар. Материалыңардын кызыктуулугу, окурманыңарды тапкандыгыңар силер ким үчүн жазып жатканынарды билгениңерден болушу керек. Силер аялдар үчүн аларды кызыктырган темаларга жазып жатасыңар да. Ушундай гезитти чыгаруу идеясы силерде кандайча пайда болду?

— Башында мындай ой менде жок болчу. Жалпысынан өз гезитимди чыгаруу чечимине келгеним менен, кайсы багыттагы гезитти чыгаруу керектигин билбейт элем. Бир гана шоу-бизнес жагында иштегеним үчүн ошол жакка ыктап жаткам. Анткени билген темаңды алып чыккан жакшы да.

Раматылык эжеме, ушинтип шоу-бизнеске арналган гезит ачайын деп жатам десем, ал айтып калды: “Шоу-бизнести эмне кыласың?”. Ал кезде шоу-бизнеске арналган бир топ гезиттер бар болчу. Айтсак, ошол эле Super info. “Аларды баары бир басып өтө албайсың. Аларга атаандашып не кыласың? Кыргызстанда аялдар тууралуу бир да гезит жок. Сен ошондой гезит ачсаң сен жалгыз болосуң. Тема да түгөнбөйт. Аялдар жөнүндө не деген гана темалар бар. Четинен гана жаза бересиң”, – деген раматылык эжем. Ошондо мен “И-и, — дедим. – Туптуура! Неге ушул нерсе оюма келген жок. Болду, бул меники”, – дедим. Ошентип аялдар темасын тандаганыма эжем себепчи болду.

Леди.kg гезитинин Башкы редактору Азиза Сатимбекова

— Менимче, бул эң сонун нерсе – максаттуу аудиторияңарды билгениңер. Мурда бир изилдөөнүн алкагында гезиттердин башкы редакторлорунан сурамжылоо жүргүзгөндө максаттуу аудиторияңар ким деп сурасак, бардык кыргызстандыктар деп жатышпайбы. “Мектеп окуучуларынан баштап, пенсияга чыккандарга чейинби, орто билимдүүлөрдөн тартып жогорку билимдүүлөргө чейинби?”, — десек. “Ооба” дешкен. Бул туура эмес да. Анткени мындайда кайсы бир адамды гезиттеги материалдардан айрымы гана кызыктырышы мүмкүн. Анан ал ошол 1-2 материал үчүн бир гезитти сатып алып отурбайт да. Эми ошол максаттуу аудиторияңар тууралуу сөздү улантсак. Аялдар да кызыгуусу, билими, жашоо тажрыйбасы, жашаган жери боюнча дагы айырмаланып турушат эмеспи. Ошолордун ичинен кайсы бир аялдар тобун тандадыңар беле?

— Жок. Жалпы эле аялдар деп койгонбуз да. Бир гана саясий, экономикалык темалардан сырткары калган бардыгын камтыганы аракет кылып, жалпы аялдарды кызыктырган темаларды, рубрикаларды тандадык. Мисалы, бала тарбиялоо. Аял – эне да. Бул темага гезиттин биринчи санынан бери жазып келатабыз. Ал азыркыга чейин актуалдуу. Анан аялдардын ден соолугу темасы. Андан кийин ар түрдүү пайдалуу кеңештер.

— Азыр 16 бет менен чыгып жатасыңар. Бир кезде көлөмүн көбөйткөн экенсиңер, бирок кийин кайра азайтыпсыңар. Эмне үчүн?

— Бир жылдай 32 бет менен чыктык. Анан кайра азайттык. Бул ашыкча эле чыгым экен. Гезиттин бетин көбөйткөнүбүз менен анын өтүмдүүлүгү өспөдү. Анан да 32 бет чыгарабыз, аны толтурабыз деп жатып сапатын жоготуп алдык. Андан көрө 16 бетке керек болгон, сапаттуу, кызыктуу материалдарды сыйдырсаң жакшыраак болчудай экен.

— Азыркы заманда гезиттерге жашап кетүү өтө оор. Силер эмненин эсебинен жашап жатасыңар?

— Мага ушул суроону көп беришет. Негизи, бизди туруктуу окурмандарыбыз багып жатат. Алардын басымдуу бөлүгү аймактарда жашагандар. Жашы боюнча орто муундан жогорураактар. Ушулар бизди “сатпаган”, биздин эң ишенимдүү окурмандарыбыз.

Биз башынан эле жарнамага басым кылган эмеспиз. Сатыктан түшкөн каражатка жашап келе жатабыз. Ошондуктан азыр жарнама азайганы бизге катуу таасир этпеди.

Окурмандарыбыздын 10% гана почта аркылуу жазылгандар. Калгандарын өзүбүз жеткиребиз. Окурмандарыбыз жашаган ар бир район менен өзүнчө иштешебиз.

— Редакцияңардын иш алып баруусу кандай уюштурулган?

— Бизде азыр 4 киши иштейт. Алар алыстан, онлайн иштешет. Мен аларды толук кармай албайм. Алар башка жерлерде да иштешет. Гезит чыккан учурда гана чогула калабыз.

Алыстан иштөө чыгымдарды бир топ азайтат. Мисалы, офистин ижарасын төлөбөйсүң. Балдар гонорардык системага өткөн.

— Биздеги редакциялардын көбү бир туруктуу жерде чогулуп иштегенге көнүп алган эмеспи. Алыстан иштөө материалдардын сапатына таасир эткен жокпу?

— Жок, таасир тийгизген жок. Кыздар өз оокатын кыла беришет. Гезиттин чыгаарына эки жума калганда чалышып эле, же кофейняларда чогула калып, кадимкидей эле план түзүп, талкуулашып, кеңешип, даярдала турган материалдарды тактап алабыз. Анан алар материалдарынын үстүндө иштей беришет. Кыздар мындай режимде иштегенге көнүп калышкан. Бир жерде отуруп алып иштегенден эч кандай айырмасы жок.

— Алыстан иштөөдө кайсы кызматтарды колдоносуңар?

— Телеграм аркылуу файлдар менен бөлүшөбүз, ватсапта талкууларды жүргүзөбүз.

— Бир кезде жакшы сайтыңар бар эле. Ал ачылбай калыптыр. Эмне болду?

— Сайтка гезитке чыккан материалдарды чыгарып турат элек. Бирок сайттын иштешинен биз пайдалуу эч нерсе көрүп да, сезе да албадык. Ошону үчүн аны азырынча токтотуп койдук.

— Жакынкы планыңар кандай?

— Заманга жараша гезиттин көлөмүн, же окурмандардын санын өстүрүү деген пландарыбыз азырнча жок. Ютубда дагы бир катар жаңы долбоорлорубузду ишке ашырсакпы деп жатабыз.