(Кыргыз) Сингапур менен Белорусияда коронавирустан каза болгондор жок деген маалымат — фейк

Извините, этот текст доступен только на “Киргизский”.

Социалдык тармактарда Сингапур коронавирусту жыйырма күндө жеңди деген маалымат тарап жатат. Мындан сырткары, Беларусияда 94 гана жаран вирус жуктуруп, каза болгондор жок деген билдирүүлөр да бар. Мындай маалымат фейк экендиги тууралуу Талант Абдылдаев аттуу фейсбук колдонуучусу өз баракчасына жазып чыккан. Биз бул кабарды тастыктоо иретинде текшерип көрдүк.

 

Алгач расмий булактарда айтылган маалыматтарды карап чыгабыз. Ал үчүн Сингапурдун өкмөтүнүн COVID-19 тууралуу отчетуна көз салабыз. Анда 4-апрелге карата өлкөдө вирус жуктургандардын саны 1189га жеткендиги айтылат. Ал эми алты жаран вирустун айынан каза болгон. Мындан сырткары 75 жаңы учур катталгандыгын Сингапурдун саламаттык сактоо министрлиги кабарлайт.

Ал эми Беларусияга келе турган болсок 4-апрелге карата COVID-19 вирусу менен өлкөдө 394 учур катталган. Каза болгондордун саны — 5. Бул тууралуу маалымат Беларусиянын саламаттык сактоо министрлигинин  сайтына чыгарылган.

Жыйынтык:  

  • Сингапур COVID-19ду 20 күндө жеңди деген маалымат фейк. Аталган өлкөнүн өкмөтү башка өлкөлөрдөй эле коронавирус илтеди менен күрөшүүнү улантууда.
  • Белорусияда коронавирустун 94 гана учуру катталып, каза болгондор жок деген маалымат фейк.