(Кыргыз) ​Коронавируска каршы вакцина сайылат деген маалымат — фейк

Извините, этот текст доступен только на “Киргизский”.

WhatsApp түйүнү аркылуу “Коронавируска вакцинация жасоо үчүн ар бир үйгө келип укол сайып кетээри айтылып жатат. ПолитКлиника медиасы бул маалыматты текшерип көрдү.

Маалыматта мындай деп айтылат:

«Биринчи күндөн баштап үй кыдырып, вакцина саят экен. Балдарга да, өзүңөр да албагыла. Биз жактагылар полный отказ кылышты. Себеби, 3 айдан кийин же 2 айдан кийин вакцина алган киши сөзсүз өлөт экен. Ошону албагыла. Тууган-уруктарга жеткирип койгула. Аны кытайлар жөнөтүптүр, дарысын таптык деп. Ошол кытайлар кыргыздарды кырып, дүйнө жүзүндөгү элдерди жок кылышы керек экен».

Дагы башка аудио билдирүүдө бул еврейлердин планы экени айтылып жүрөт.

КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова бул маалымат жалган экенин билдирди: «Бул маалымат чындыкка жатпайт. Вакцинасы иштелип чыга элек. Кыргызстанда эле эмес, башка өлкөлөрдө дагы жок«, — деп билдиришти министрликтен.

Тарап жаткан бул аудио билдирүүлөргө эмне үчүн ишенүүгө болбойт?

  1.  Маалыматтын расмий булагы айтылган эмес. Ким сүйлөп жатканы белгисиз.
  2. «Биз жактагылар» деп жатат. Ал кайсыл аймак? Облустун аты, жердин аты айтылган эмес.
  3. Учурда дүйнө жүзүндөгү дарыгерлер  Covid-19 (коронавируска) каршы вакцина ойлоп табуунун аракетин көрүп жатат. Бирок, азырынча мындай вакцина ойлонуп табыла элек. 2020-жылдын 23-мартына карата маалымат боюнча Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюму коронавируска каршы вакцинаны иштеп чыгууга жана аны сыноого кеминде бир жыл убакыт кетерин билдирди.

ЖЫЙЫНТЫК: Бул — ФЕЙК

Өлкөдөгү коронавируска байланышкан кырдаалда, айрыкча, бул фейк маалыматтарды таратуу күчөп жатканын Ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев кабарлап, атайын жалган маалымат тараткандар Кылмыш жаза кодексинин 344-беренеси менен жоопко тартыларын билдирди.

ПолитКлиника медиа (https://pk.kg/)