(Кыргыз) Ичи өткөн жаш балдар коронавирус менен ооруйт деген маалымат фейк

Извините, этот текст доступен только на “Киргизский”.

Бир нече күндөн бери социалдык тармактарда, whatsapp тиркемесинде Ошто коронавируска чалдыккан жаш балдарга башка диагноз коюлуп жатканы боюнча маалыматтар тарады.

Анда «жайда болбогон ич өткөк кышында башталыптыр, аны врачтар коронавирус деп, бирок расмий “ичеги карын инфекциясы” атап каттап жатышыптыр» деп айтылган.

Биздин редакция ата-энелердин whatsapp тайпасында тараган бул маалыматтын канчалык чындыгы бар экенин текшерип көрдү.

Расмий жооп

«Т-Медиа» Кара-Суу райондук балдар ооруканасына барып көрдү. (ред. Ош шаардык балдардын жугуштуу оорулар ооруканасы оңдолуп, убактылуу райондук оорукана кабыл алууда).

Дарыгерлердин билдиришинче, Ошто учурда ич өткөк ылаңы кыш келгенине карабай, жаш балдар арасында көп катталып жатканы чын. Ичеги-карын инфекциясы жана ич өткөк ылаңы менен жаңы төрөлгөн ымыркайдан тартып, 6 жашка чейинки балдар жабыркап жатышат. Алардын ичинен эң көп катталганы 1 жаштан 2 жашка чейинкилер түзөт. Бирок бул коронавирус эмес.

Илдеттин кыш мезгилинде да катталышын дарыгерлер гигиеналык эрежелердин так сакталбашы менен түшүндүрүштү. Ал эми Кара-Суу аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн дарыгери Шавкат Набидуллаев «коронавирус болгон жаш балдарга башка диагноз коюлуп жатат» деген маалыматты четке какты.

«Быйыл, былтыркы жылга салыштырмалуу ич өткөк менен ооруканага кайрылган балдар көп. Бирок алар коронавирустан эмес. Анткени биз аларды демейдегидей эле дарылоо менен айыктырып жатабыз. Өзгөчө бир клиникалары жок. Азыр шаардагы оорукана оңдолуп жаткандыктан, алар да бизге кайрылып жатат. Ошондуктан да көп болушу мүмкүн»

Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штабдын Оштогу координатору Кыялбек Ташполотовдун билдиришинче учурда жаш балдар арасында COVID-19 илдети 131 балада тастыкталган.

«Коронавирустун белгилери көп. Бир эле ичи өткөктү коронавирус дегенге болбойт. Жөн гана жөтөлүп жүргөндөр бар. Температура чыккандар бар. Бирок аларды да коронавирус дегенге болбойт. Бир нече симптомдордун биригиши дагы болушу мүмкүн. 5 жашка чейинкилер арасында коронавирус өлкөдө алгачкы ирет катталган 18-марттан бери шаарда 131, облуста 24 балада аныкталган», — дейт Ташполотов.

 

Коронавируска чалдыкканда негизги белгилер 

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун сайтындагы маалыматка ылайык, балдарда көбүнчө коронавирустун муун жана булчуң оорулары, мурундун бүтүшү, баш оору, конъюнктивит, ангина, ич өткөк, даамдын же жыттын жоголушу сыяктуу белгилери сейрек кездешет. Бул белгилер аларда акырындык менен өнүгүп, жеңил мүнөздө болот.

Ал эми Улуу Британиянын Саутгемптон университетинин педиатр-консультанты Грэм Робертс COVID-19 менен ооруган балдар негизинен жогорку дем алуу жолдорунан жабыркайт деп билдирген. Муну мурун, ооз жана тамак оорусу менен түшүндүрөт. Ошондуктан, аларда көбүнчө суук тийүүнүн белгилери байкалат, анткени коронавирус төмөнкү дем ​​алуу жолдоруна кирбейт.

Изилдөө учурунда педиатрлар бир айдан 12 жашка чейинки 34 баланы текшеришкен.

Изилдөөнүн жыйынтыгында, коронавирус жуккан балдардын 76%да ысытма пайда болгон. Бул симптом чоңдордо 46% гана кездешкен. Балдардын дагы 62%ы катуу жөтөлгөн. Ал эми ичи өткөндөр болгону 12%ды түзгөн. Жашы жете электердеги өпкө көйгөйлөрү оорунун кийинки баскычтарында пайда болот.

Жыйынтык: Ичи өткөн балдар коронавирус менен ооруп атат деген маалымат чындыкка дал келбейт. Дүйнөлүк изилдөөлөргө ылайык, коронавируска чалдыккан жаш балдардын негизинен дем алуу органдары жабыркайт.

Булак: T-media