(Кыргыз) Ошто журналистке кол салган жаран ким? Фактчек

Извините, этот текст доступен только на “Киргизский”.

 
 Ошто журналистке кол салган жаран ким? Фактчек

Кечээ, 28-февралда Ош мэриясынын имаратында “Нур ТВнын” оператору Темирлан Эрнис уулуна белгисиз жаран кол салды. Оператор оозунан жаракат алып ооруканага кайрылды. Учурда окуяны милиция териштирип жатат.

Журналист Рыспай Мажит уулунун айтымында, ал оператору Темирлан Эрнис уулу менен вице-мэр Жасур Азимовдон интервью алганы мэрияга барышкан. Вице-мэрдин  кабылдамасында турушканда белгисиз жаран операторго кезек күтүп турганда кол салган.

Журналист Рыспай Мажит уулу операторду урган жаран Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмоновдун “Баялы”  аттуу жээни болушу мүмкүн экенин билдирди.

“Мындай зөөкүрдүк бүгүн бизге болду, эртең сизге болот! Бул Айбек Осмоновдун көпкөн жээни Баялы. Ал таганын бийлигине таянып, каалаган жеринде каалаган адамын уруп кетебергенге көнгөн экен.”Эшикке чыгып сүйлөшөбүз”- дейт. Сыягы мыйзам менен эмес, муштум менен маселе чечем деди окшойт”,- деп билдирди Мажит уулу.

Окуя боюнча Ош шаарынын вице-мэри Жасур Азимов да комментарий берип, операторду урган жаранды тааныбаймын деп билдирген. Эмнеге мындай дегенин кийинчерээк түшүндүрүп беребиз.

Эске салсак, былтыр парламенттик шайлоо күнү Ош ТВнын журналисти Абдумалик Базарбаевге ошол учурдагы талапкер, азыркы Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмоновдун байкоочусу жана белгисиз киши кол салган. Шайлоодон кийин ал журналисттен кечирим сурап кутулуп кеткен.

Бирок Осмоновдун жакындары мурдагы окуяны кайра кайталады.

Баялы деген ким? 

Facebook социалдык тармагынан Баялы аттуу бир канча жаранды көрүүгө болот.

 

Операторго кол салган жаран менен соцтрамактагы Баялы Апсаттаровдун сүрөттөрүн салыштырып көрүп, бир канча окшоштуктар бар экенине ынананабыз. Биздин жеке булактар да операторго кол салган ушул Баялы Апсаттаров экенин ырасташты.

Юстиция министрлигинин сайтындагы маалыматка ылайык, 30 жаштагы Баялы Апсаттаров KG СТРОЙ жана “Ал-Ихлас” ЖЧКларынын негиздөөчүсү. Эки компания тең турак-жай куруу менен алектенет.

Ихлас компаниясы учурда Кыргызстанда ири курулуштары менен таанымал.

Биз “Ал-Ихлас” ЖЧКсынын юстиция министрлигинин сайтында көрсөтүлгөн телефон номерин Get contact тиркемесине салып издеп көрдүк.

Баялы Апсаттаров Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмоновдун жакын адамы деген тыянак чыгарсак болот. Себеби Get contact  тиркемесинде “Баялы Текстиль”, “Баялы Фабрика”, Баялы Ихлас” деген бир канча тегдерди көрүүгө болот.

Кыргыз Текстиль ЛТД”ЖЧКсында иштеген Баялы Апсаттаровду Ош шаарынын вице-мэри Жасур Азимов тааныбаймын дегени чындыкка дал келбейт. Анткени 2020-жылдын ноябрь айында Ош шаардык прокуратурасы вице-мэр Жасур Азимовго кызмат абалынан кыянат пайдалануу беренеси менен кылмыш ишин козгогон. Анда прокуратура вице-мэр шаардын Кең-Сай массивиндеги нарктык базар баасы 72 млн сомдук 25 гектар жерди болгону 2.5 миллион сомго баалап, “Кыргыз Текстиль ЛТД”ЖЧКсына сатып жибергенин жүйө келтирген.

“Кыргыз Текстиль ЛТД” ЖЧКсынын негиздөөчүсү “Каганат инвест” ЖЧКсы. Анын негиздөөчүсү Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмоновдун бир тууган агасы Нурбек Жапаров.

Демек, вице-мэр Жасур Азимов менен операторду урган Баялы Апсаттаровдун кызматташтыгы бар деген жыйынтык чыгарсак болот.

Ири тендерлердин жеңүүчүсү 

Былтыр сентябрь айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Ош мэриясына Ак-Бууранын жээгин көрктөндүрүү жана жашылдандыруу долбоору боюнча «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу» беренеси менен кылмыш иши козголгонун билдирген.

Анда атайын кызмат кылмыш ишин Ак-Буура дарыясынын эки жээгин көрктөндүрүү үчүн өткөргөн тендеринин негизинде башталганын, тийиштүү тергөө иштери жүрүп жатканын билдирген.

Ак-Буура дарыясындагы ири курулуш 2020-жылы коронавирус пандемиясы учурунда башталган. 

Дарыянын жээгин көрктөндүрүү долбоорун тендерден «Капитал Курулуш» ЖЧКсы уткан. Компания расмий түрдө ошол учурда Кыялбек Мадишов, Канатбек Кадаев жана Баялы Апсаттаров атуу үч адамга катталган.

Төмөндөгү сүрөттөр Кыялбек Мадишовдун социалдык тармактагы баракчасынан алынды. Биринчи сүрөттө «Капитал Курулуш» ЖЧКсы ошол учурдагы негиздөчүлөрү Кыялбек Мадишов, Канатбек Кадаев жана Баялы Апсаттаров.

 

Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов жана «Капитал Курулуштун» негиздөөчүсү Кыялбек Мадишов, соцтармактардан алынды

Апсаттаров муну менен эле кошо ишкер «Кыргыз Каганат» ЖЧКСынын Оштогу филиалынын жетекчиси. Анын негиздөөчүсү «Кыргыз Каганат» ЖЧКсы.

Жыйынтык: 28-февралда журналистке кол салган Баялы Абсаттаров ЖК депутаты Айбек Осмоновдун бизнес-өнөктөшү жана ири тендерлердин жеңүүчүсү.

Булак: ОШ ТВ