(Кыргыз) Жаргон колдонуу аркылуу даярдалган «макалага» МЕДИАСЫН

Извините, этот текст доступен только на “Киргизский”.

10-ноябрда Nazar News  сайтында  «Бектер кетип, зэктер келатат, түрмөнүн азабын тарткан Нурлан Мотуев президент боло алабы?» аттуу «макала» жарык көрдү.

Анда учурдагы бийлик өкүлдөрү камалып чыккандыгы тууралуу сөз козголуп, азыркы тапта алар өлкө башкарып аткан соң, 6-ноябрда президенттикке талапкерлигин койгон Нурлан Мотуев да өлкө башчы боло алары айтылган.

Макалада кесиптик этиканын бузулушуна жол берилип, манипуляциянын бир нече ыкмалары колдонулган:

«Нурлан Мотуев эмнеге президент боло албасын»

Мында автордун пикири суроо иретинде берилген. Илимий тилде манипуляциянын бул ыкмасы лингвопропаганда катары мүнөздөлөт.

Лингвопропаганда —  окурмандын эмоциясына таасир этүү жана маалыматты бурмалоо максатында колдонулган көркөм сөз өнөрүн колдонуу же маалыматты суроо иретинде же илептүү сүйлөм аркылуу берүү. Двайт Булинджер (1973, 543-546 б.), метафоралар жана  эпитеттер.

Мындан тышкары, журналисттик макала даярдоодо фактылар, божомолдор жана пикирлер бири-биринен даана ажыратылуусу зарыл. Кыргызстан журналистинин Этикалык кодекси, 10-берене. 

«Премьер-министр – зэк, вице-премьер Равшан Сабиров пара менен кармалган зэк, спикер-зэк, УКМК төрагасы-зэк».

«Зэк» деген сөз орус тилинен «заключенный» (З.К., «Зека», «зек») эркинен ажыратылып, камакка алынып, жаза өтөгөн адамдын оозеки тилде аталышы.

Автор бул сөз аркылуу макала каарманына карата стереотип колдонуп, көө жабуу (навешивание ярлыков) аракетин көргөн.

«Көө жабуу», «тамга басуу» (навешивание ярлыков) аттуу манипуляция ыкмасы аудиторияга каарман тууралуу белгилүү бир мүнөздөмөнү алдын ала берип, окурманды өз алдынча чечим чыгаруу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратат.  Булак- Коул, 1998,  210-312 – беттер. 

Мындан тышкары редакция жаргон колдонуу аркылуу макала каармандарын кемсинтүү, алардын кадыр-баркына шек келтирүү аракетин көргөн. Мыйзамга ылайык, журналист кесиптик ишин жүзөгө ашырууда инсандын укуктарын жана эркиндиктерин, ар-намысын жана кадыр-баркын урматтоого милдеттүү.

«Журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндө» мыйзам, 7-берене.

«Бийлик алмашкан соң түз эле Кара-Кечегеге барып, «Өзүм бий, өзүм хан» болуп калган Камчыбек Жолдошбаевди коколоп, «көмүр королу» болуп чыга келди. Ошондон кийин түрмөнүн да даамын татты».

Каарманды каралоо үчүн метафоралар (салыштыруулар) колдонулган. Анын негизинде каарманга жасалма жол менен начар мүнөздөмө берилип, жыйынтыгында массалык аң-сезим аны терс, начар деп кабыл алууга түрткү болот. – Виктор Сороченко. Пропаганда ыкмаларынын экнциклопедиясы.

Жыйынтык:

  1. Макалада Кыргызстан журналистинин Этикалык кодексинин 7,10 беренелери бузулган;
  2. Автор макала каармандарына карата «көө жабуу», «тамга басуу», «лингвопропаганда» жана «метафора» аттуу пропаганда ыкмалары колдонгон;
  3. «Журналисттин кесиптик ишин коргоо жөнүндө» мыйзамдын 7-беренеси бузулган.