(Кыргыз) Ангела Меркель Европада тынчтыкты Орусиясыз орнотуу мүмкүн эмес деген пикирдеби? Текшеребиз

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Warfakes телеграм-каналы жана пропаганданы, жалган маалыматтарды таркаткандыгы үчүн АКШда жана Европада тыюу салынган Риа Новости, Sputnik, Ren.Tv сыяктуу бир катар орус медиалары Германиянын экс-канцлери Ангела Меркелдин дүйнөдө кансыз согуш (Холодная война) дагы эле уланып жаткандыгы, Европада тынчтыкты Орусиясыз орнотуу мүмкүн эмес экендиги тууралуу пикирин жарыялашкан.

Warfakes телеграм-каналы Меркелдин “Орусиянын катышуусу менен гана Европада бекем тынчтык орнотулат. Азырынча биз ага жете элекпиз. Кансыз согуш, чынында, бүтө элек”, – деген сөздөрүн цитаталаган.

Экс-канцлер чынында эле бул сөздөрдү айтты беле, же жокпу? Factcheck.kg редакциясы аны тактап көрүүнү чечти.

Биз аныктагандай, Меркель чынында эле бул сөздөрдү Süddeutsche Zeitung немис гезитинин 77 жылдыгынын урматына арналган иш-чарада айткан. Орус ЖМКлары таркаткан цитата анын куттуктоо сөзүнөн үзүп алынган айрым фразалардын түзмө-түз котормосу. Анын сөзүнүн айрым үзүндүлөрүн Süddeutsche Zeitung гезитинен сырткары Stern, Reuters, The Economic Times, Express медиалары да жарыялаган.

Эскерте кетсек, Ангела Меркель канцлердик кызмат ордун 2021-жылдын 8-декабрында өткөрүп берген. Ошондой эле ал 2000-жылдан 2018-жылга жетектеп келген ХДБ (Германиянын христиандык-демократиялык биримдиги) саясий партиясынын пикирин чагылдырбайт.

Белгилей кетүүчү жагдай, учурда Ангела Меркель саясаттан алыстаган, ошондуктан анын пикири немис өкмөтүнүн расмий позициясын билдирбейт, кайсы бир саясий чечимдерди кабыл алууга таасир этпейт жана кайсы бир аракеттерди көрүүгө чакырык боло албайт.

Меркелдин журналисттер акыркы кезде цитаталап колдонгон фразалары анын Süddeutschen Zeitung гезитинин юбилейи сыяктуу коомдук иш-чаралардагы сөздөрүнөн же сейрек интервьюларынан алынып келет.

Мисалы, 2022-жылдын июнунда ARD телеканалына берген интервьюсунда “Путин кандай ойлоноорун билет элем, аны провокация кылгым келбеди” деген.

“Дипломатия жыйынтык бербегендиги үчүн эле туура эмес болуп калбайт… Ал түшүнгөн жалгыз тил — бул аскердик күч”, – деген Меркель орус президенти жөнүндө.

Тыянак: көз жазгыруу. Цитаталанган сөздөр чындыгында эле Меркелдики, бирок алар контексттен үзүп алынган жана Германиянын расмий бийлигинин позициясын билдирбейт, ал сөздөр анын экс-саясатчы катары гана көз карашын чагылдырат.