(Кыргыз) Кулпуланган ачык маалыматтар: Бийлик кайсы маалыматтарды жашыра баштады?

kandinsky-download-1703658567620

Sorry, this entry is only available in Кыргыз and Русский.

Кыргызстанда жыл өткөн сайын ачык маалымат булактарынын саны азайып келет. Коомчулук мамлекеттик мекемелердин иш алып баруусун, камакка алынгандардын санын, ар түрдүү статистикалык көрсөткүчтөрдү жана башка маалыматтарды билбей калууда.

Жарандык берүү тууралуу

Быйыл августтун соңунда Кыргызстанда жарандык берүү жана жарандыктан чыгаруу жөнүндө президенттин жарлыктарын жашыра башташты. Мамлекет башчынын расмий сайтында да жарандык алгандардын аты-жөнү көрсөтүлбөйт. Бир гана канча чоңдор жана канча балдар кыргызстандык болгону тууралуу маалымат берилет.

Президенттин администрациясы 24.kg интернет-басылмасына бул өзгөрүүлөр тууралуу эч бир түшүндүрүү берген эмес. Бир гана президенттин айрым жарлыктары «кызматтык колдонуу үчүн» жарыяланышы мүмкүн экенин билдирген.

Мындай маалыматтар мурда президенттин сайтында ачык жарыяланып турчу. Бирок алар жашырыла баштаардан бир аз мурда кыргызстандык журналисттер белгилүү орусиялык саясатчылар жана ишкерлер Кыргызстандын жарандыгын алышканын жазып чыгышкан болчу.

Декларациялар

Аткаминерлердин декларациялары да жашырыла баштады. «Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө» мыйзамы «Эркин-Тоо» гезитинде 2023-жылдын 6-июнунда жарыяланган жана бул күндөн тартып күчүнө кирген. Бул мыйзам аткаминерлерге жана башка жарандарга адамдарды сатуудан, баңгизаттан жана адамга, жеке менчикке каршы кылмыштан түшкөн мүлктөн сырткары бардык таап-чогултканын мыйзамдаштырууга мүмкүнчүлүк берди. Көп өтпөй 7-августта эле жеке ишкерлердин декларациялары гана калтырылып, калган бардык декларациялар жок кылынган.

Журналисттер мурда аткаминерлердин чыныгы кирешелерин декларацияда көрсөтүлгөн сандар менен салыштырып, алардын кирешелери тууралуу журналисттик иликтөөлөрдү даярдай алышат эле.

Тендерлер

Жарандар 2022-жылдын апрелинин ортосунан тартып мамлекеттин үлүшү 50%дан ашкан мекемелердин (Mega, «Кыргыз темир жолу» МИ, «Манас» ж.б.) мамлекеттик сатып алууларын текшере албай калышты. Анткени аларды мамлекеттик сатып алуулар тууралуу расмий сайтта жарыялабай калышкан. Ошентип кыргызстандыктар бюджеттик каражаттардын 30% каякка жумшалып жатканын билбей калды. Эми товарлар менен кызмат көрсөтүүлөр сынактар өткөрүлбөй эле түз келишим аркылуу сатып алына баштады. Ошондой эле мамлекеттик сатып алуулар тууралуу сайтта тендерлерге талдоо жүргүзүүгө зарыл болгон көптөгөн маалыматтар жарыяланбай калды.

Эксперттер бул демилге бюджеттин ачыктыгына доо кетирерин, жемкорлук схемалардын көбөйүшүнө алып келерин, ишкерлер менен коомдун ишенимин азайтарын бир нече жолу эскертишкен болчу.

Журналисттер мурда мамлекеттик сатып алуулар сайтындагы маалыматтарды колдонуп, аткаминерлер бардык мыйзамдарды бузуп туугандарына тийиштиги бар компаниялар менен келишимдерди түзгөн фактыларды ачыктап келишет эле.

Статистика

2023-жылдын апрелинен тартып Улуттук статистикалык комитет он белгинин деңгээлиндеги маалыматтарды жарыялаганды токтоткон. Алар мурда товарлардын башка өлкөлөргө, анын ичинде Орусияга да, жиберилишин жеңил эле аныктаганга мүмкүнчүлүк берет болчу. Бул АКШнын Каржы министрлигинин өкүлү журналисттерге жана бийлик өкүлдөрүнө Кыргызстан Орусияга санкция салынган товарларды жөнөтүп жаткандыгы тууралуу маалымат бергенден кийин болгон.

Статистикалык маалыматтарды жашыруу учурлары мурда да байкалган болчу. 2021-жылы Улуттук статистикалык комитет алтындын экспорту 24.8 тоннаны түзгөнүн маалымдаган, бирок алтындын көп бөлүгү жиберилген өлкө «белгисиз» деп көрсөтүлгөн. Коомчулукка бул тууралуу маалымат жеткенде Садыр Жапаров бул «коопсуздукту камсыздоо максатында» жасалганын билдирген. Бирок ага чейин алтындын экспорту тууралуу маалыматтар ачык эле жарыяланып келген болчу.

Авиа учуулардын чыгымдары

Өлкө башчыларынын: президенттин, премьер-министрдин, парламент спикеринин авиа учууларынын чыгымдары тууралуу маалыматтар ачык бюджетте жарыяланбай калды. Мурда бул маалыматты ар түрдүү коммерциялык фирмаларга акча которуулар жерден тапса болот эле. Бирок авиа учууларга кеткен чыгымдар тууралуу материалдар жарыялангандан кийин бул маалымат жеткиликтүү болбой калды.

Жашыруун камакка алуулар

Бийлик 2022-жылдын июлунун соңунда «Кумторду» өткөрүп алуу жараяны аяктаганын билдирген. Бир ай өтпөй кенде мыйзам бузуулар болгону белгилүү болду. Министрлер кабинети объекттин Кыргызстандын менчигине өткөндүгүнө байланыштуу 2022-жылдын май айында текшерүү болгонун маалымдады. Каржылык мыйзам бузуулар аныкталган. Жыйынтыгында «Кумторду жетектеген» Тенгиз Бөлтүрүк жана каржы директору Рыспек Токтогулов кызмат орундарынан бошотулган.

Ошондо эле Башкы прокуратура тыкыр текшерүүсүн баштаганы маалымдалган. Анын жыйынтыгында мамлекетке келтирилген болжолдуу 1 млрд сом чыгымга байланыштуу үч кылмыш иши козголгон. «Кумтордун» мурдагы сырткы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк камакка алынган. Аны менен кошо жабдуу боюнча мурдагы адиси Айша-Гүл Фронтбек кызы Жаналиева жана каржы башкармалыгынын ошол кездеги директору Рыспек Токтогулов кармалган. Отчет жашыруун болгон. Алтын кенинде дагы кандай кемчиликтер табылганы коомчулукка белгисиз бойдон калууда.

Журналисттердин жана жарандардын кайрылуулары жоопсуз калтырылууда

Журналисттер 2021-жылдын аягында профилдик мекемелер алардын кайрылууларына жооп бербей жаткандарын айтып чыгышкан. Жыйынтыгында мамлекет башчынын аппаратында иштеген кызматкерлердин жана жетекчилердин айлык акылары сыяктуу эле «Кумторго» байланыштуу бардык маалыматтар «коммерциялык сыр» болуп калган. УКМК депутат Алиярбек Абжалиевге, экс-мэр Азиз Суракматовго, Түштүк-Батыш бажысынын мурдагы жетекчиси Нурбек Айтмаматовго карата козголгон кылмыш иштеринин учурдагы абалы тууралуу суроо-талаптарга жооп берген эмес.

2022-жылы ЖКнын депутаты Улугбек Ормонов мамлекеттик органдар жашыруун деп парламенттин депутаттарына маалымат бербей жаткандарын айтып чыккан. Бардык кайрылууларына: «маалымат жашыруун болуп эсептелет» деген жоопторду гана алып турушкан.

Белгисиз демөөрчүлөр

Акыркы жылдары аткаминерлерден кайсы бир курулуш иштери, же автоунаанын сатып алынышы демөөрчүлөрдүн эсебинен болот дегенди угуп келебиз, бирок бул демөөрчүлөр ким экени – белгисиз бойдон калат. Буга мисалдар: Жалал-Абаддагы УКМК кызматкерлери үчүн үй, ИИМдин борбордук аппаратынын имаратын оңдоп-түзөө, борбор калаанын кайгуул кызмат башкармылыгына Toyota Prius маркасындагы беш автоунаа, президентке Chevrolet Suburban маркасындагы 2021-жылы өндүрүлгөн эки автоунаа, Камчыбек Ташиевдин кичи мекениндеги төрөт үйү, борбор калаанын кайгуул кызмат башкармылыгына Hyundai маркасындагы 2022-жылы өндүрүлгөн эки автоунаа, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгына Toyota Land Cruiser 200 маркасындагы автоунаа, Жалал-Абад ички иштер баршкармалыгына Chevrolet Cobalt маркасындагы кызмат автоунаалары, Каракол шаарынын жана Түп районунун ички иштер бөлүмдөрүнө эки автоунаа, Чоң-Алайдагы УКМКнын имараты, өлкө желегинин алмаштырылышын каржылоо. Мунун баарын белгисиз демөөрчүлөр каржылаган.

Баш сүрөт ЖИнин жардамы менен жаратылган