(Кыргыз) Кара арстандын бар экени чынбы же имишпи? Текшеребиз

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Табигатта арстандын өзгөчө орду бар экени шексиз. «Жаныбарлардын падышасы» аталган арстандар көрк жагынан да, күч жагынан да алдыда. Анын демейдегидей көрүнүшү алтын сымал тери жана кочкул кызыл жүндүү экени маалым. Мындан тышкары айрым арстандардын генетикасы өзгөрүп, көк көздүү, өзү ак түстө болгондору да бар. Альбинос арстандар сейрек кездешкени менен, алардын бар экенин тастыктаган, зоопаркта жана жартылышта тартылган документалдуу тасмалар бар. Жаратылышта ак түстөгү жолборс-альбиностор да кездешет.

Буга карама-каршы териси капкара түстөгү арстандардын бар экендиги тууралуу маалымат байма-бай жайылып келет. Ал меланизм делген генетикалык мутация деп айтылат. Ага далил катары зоопаркта жана жаратылышта тартылган териси капкара болгон арстандардын сүрөттөрү келтирилет. Бул «сенсациалуу» маалымат социалдык тармактарда кеңири жайылып, колдонуучулар кара түстөгү арстандардын уникалдуулугун жана сейректигин баса белгилеген жайы бар.

 

Чын эле арстан-меланисттер барбы же бул маалымат төгүнбү, текшерип көрөлү.

Маалыматты төмөндөгүдөй жол менен тактайбыз:

  1. «Черный лев» деп жазып, интернеттен издөө салабыз
  2. Сүрөт аркылуу издейбиз. Алар аныкпы же сенсация, фейк үчүн Photoshop аркылуу өзгөртүлгөнбү, териштиребиз.
  3. Кара арстандардын бар экенин тастыкаган илимий далилдерди издейбиз.

Google аркылуу издөө салганыбызда бул темага арналган материалдар көп экенине күбө болобуз. Google кара түстөгү арстандардын дагы кошумча сүрөттөрүн таап берди. Белгилей кетчү нерсе, интернетте кара арстандар тууралуу көптөгөн маалымат бар.

Биз текшериле турган бир нече сүрөттөрдү таап чыктык.

Андан соң табылган сүрөттөр аркылуу издөө салабыз. Жыйынтыгында өтө көп маалымат чыгат. Бирок ошол эле сүрөттөрдөгү арстандардын өңү кара эмес, демейдегидей болуп чыга келет. Ал эми биз башында текшерип баштаган сүрөттөгү арстандын териси ак түстө, ал альбинос болуп чыкты.

Сүрөт аркылуу бир нече издөө салганыбызда арстандын анык сүрөттөрүнө күбө болдук.

Айта кетчү жагдай, Photoshop аркылуу оңдолгон сүрөттөрдүн бир нече мүчүлүштүктөрү бар. Эгерде сүрөттөрдү чоңойтуп көрсөк, Photoshop аркылуу жасалган боектор тегиз эмес экени жана контурдан чыгып кеткени байкалат. Мындан тышкары кара түс табигатта кездешкен меланизм же болбосо кара ягуар, кара пантералардын табигый кара өңүнөн кыйла айырмаланат. Кара түстөгү арстандардын бар экенин тастыктаган бир да чыныгы сүрөт табылган жок. Андыктан тиешелүү адистердин комментарийлерин издейбиз.

Адистердин бул тууралуу бирдиктүү пикири жок. Кара арстандарды табигатта кездештиргендер болгон эмес жана бул жаныбарлар альбинос-арстандардан айырмаланып, зоопарктарда туулган эмес. Ага карабай, окумуштуулар меланист-арстандар жок деп так кесе айтпайт.

Адистер эволюция учурунда мындай жаныбарлар жашап кете албай калган деп божомолдошот.   Эгер кара түстүү арстан табиятта пайда болсо, анын денесинде жылуулукту жөнгө салуучу функция толук кандуу иштебей, иммунитети төмөн болуп, мергенчиликте кыйналып калышы ыктымал. Ал себептер меленист-арстандын жашап кетишине тоскоолдуктарды жаратышы мүмкүн. Биологдордун айытымында кара түстүү арстандар жапайы чөйрөдө жашай албайт, бирок туткунда жашап кетиши ыктымал. Антсе да, учурда андай көрүнүш катталган эмес.

Жыйынтык:

– Кара түстөгү арстандардын жаратылышта кездешкени же туткунда туулгандыгын тастыктаган бир дагы документалдык тасма жок жана болгон эмес. Ал тууралуу айтылган сөздөр ушак бойдон калып, далилденген эмес.

– Меланист-арстандардын интернеттеги бардык сүрөттөр жасалма жол менен боелгон.