(Кыргыз) Мамлекеттик мүлктү башкарып келген Ренат Түлөбердиевдин жашырган мүлкү

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Factcheck.kg “Декларатор” долбоорунун алкагында мамлекеттик кызматкерлердин киреше, чыгаша жана мүлктөрүн изилдеп келген. Бул ирет Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун мурдагы жетекчиси Ренат Түлөбердиев редакциябыздын назарында.

Ал  21-августта “Улуттук башкаруу компаниясы” ААКтын жетекчиси болуп дайындалган.

Ренат Түлөбердиев акыркы он жылдан ашуун убактан бери мамлекеттик кызматтарды аркалап келет:

2000-2001 жж. —  «Пери» уюмунун аткаруучу директору;

2005-2006 жж. — №1 Мамлекеттик резиденциянын менеджери, бөлүм башчысы;

2006-2009 жж. — Өндүрүш бөлүмүнүн катчысы, бөлүм башчынын орун басары, президенттик аппараттын өндүрүштүк жана протоколдук иш-чараларды уюштуруу бөлүмүнүн башчысы;

2009 ж. — президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн эксперти;

2009-2010 жж. —  президенттин катчылыгынын долбоорлоо кызматынын эксперти;

2010-2014 жж. — президенттин жана өкмөттүн иш-чараларын уюштуруу башчылыгына караштуу №1 мамлекеттик резиденциянын жетекчисинин орун басары жана жетекчиси;

2014-2016 жж. —  Түркиянын Стамбул шаарындагы Кыргыз Республикасынын башкы консулу;

2016 -2017 жж. — президенттин жана өкмөттүн иш-чараларын башкаруу бөлүмүнүн биринчи орун басары;

2017 – 2019 жж. —Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жетекчиси;

2019- жылдын 21-августунан тарта”Улуттук башкаруу компаниясы” ААКтын жетекчиси.

Ренат Түлөбердиев киреше жана чыгашалары тууралуу декларациясын эки жолу, 2015-жылы башкы консул болгон мезгилде жана 2016-жылы  президенттин  иш-чараларын башкаруу бөлүмүнүн биринчи орун басары кызматын ээлеп турганда тапшырган.

 

 

декларация за 2016 год

 

2016-жылкы декларациясын тапшырган мезгилде Түлөбердиев ири мүлкүн жашырган.  Май айында ал аянты  226 чарчы метрди түзгөн турак-жайга ээ болот. Эки кабаттуу хансарай Абдрахманов көчөсү, 43/13 дареги боюнча жайгашкан.

 

2018- жылы Ренат Түлөбердиев хансарайын Омуров Бейшеналы Жусупбекович аттуу жакын тууганына ипотекага банк аркылуу өткөрүп берген.

Документтерге ылайык, эки кабаттуу хансарайдын аянты 226 чарчы метр, ал эми анын баасы белгисиз. Ошол эле учурда “Киргизия-1” аймагындагы аянты 200 чарчы метрди түзгөн бир кабаттуу үйдүн баасы 280 миң долларды чапчыганы ачык булактардан белгилүү.

Иликтөөнүн жүрүшүндө factcheck.kg Ренат Түлөбердиевдин туугандары аркылуу жүргүзгөн кыймылсыз мүлккө тиешелүү шектүү иш-чараларын таап чыкты. Бул тууралуу иликтөөнүн келерки санында кеп козгойбуз.