(Кыргыз) Ойлоп табылчу нерсенин баары XIX кылымда ишке ашканбы? Текшеребиз

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Factcheck.kg атактуу инсандарга таандык делген учкул сөздөрдү текшерүүнү улантат.

«Буга чейин ойлоп табылчунун баары ишке ашты” деген цитата Чарльз Дуэллге тиешелүү деп социадык тармактарда жана айрым жалпыга маалымдоо каражаттарында айтылып жүрөт.

 

Чынында Дуэлл эмне деп айткан?

Google издөө системасынан учкул сөздү англисче которуп издейбиз.

Жыйынтыгында түрдүү цитаталар камтылган же көңүл ачуучу  сайттардын тизмеги пайда болду. Алардын бири да алгачкы булакты көрсөтпөгөндүктөн, учкул сөздүн булагын аныктоо мүмкүн болбоду.

Бирок, табылган сайттардын арасынан Миссури штатындагы укук иштери боюнча профессор Дэннис Кроучтун жеке блогуна көзүбүз түштү. Ал 2011-жылы аталган цитатаны өз алдынча текшерип көргөн экен.

Дэннис Кроуч 1989-жылы чыккан Сэмюэль Сасстын макаласына шилтеме берген. Анда Сасс жогоруда айтылган цитатаны 1981-жылдан тарта 1989-жылга чейин жарык көргөн китептерден издеген деп айтылат. Акыры Крис Морган жана Дэвид Лэнгфорддун «Фактылар жана жаңылышуулар китеби» («Книга фактов и заблуждений») аттуу ишинен  тапкан. Сасс издөө иштерин интернет пайда болгонго чейин жүргүзсө, ал эми профессор Кроуч Google компаниясынын Google Books Ngram Viewer аттуу издөө системасын колдонгон. Аталган сервис 16-кылымдан тарта жарык көргөн Google Books базасына киргизилген китептердин арасынан кандайдыр бир сөз айкалыштарын издейт. Биз издеген цитата адабиятта дээрлик 1981-жылга чейин колдонулган эместигин төмөндөгү диаграммадан байкаса болот.

 

Мындан тышкары, профессор Дэннис Кроуч  «Буга чейин ойлоп табылчунун баары ишке ашты» деген сүйлөм менен 1899-жылы жарык көргөн The Punch журналынын тамашасы менен байланышын таап чыккан.  Комедиялык журнал келе жаткан доорду элестетип көрүүнү чечкен. Ачылыштарды жасаган окумуштуу өзүн кызыктырган суроолорду патент берген кызматкерге узатса, ал: «Сэр, бул керек эмес. «Буга чейин ойлоп табылчунун баары ишке ашты» деп жооп берген экен.

Жыйынтык: Цитататын нукура авторун тастыктоочу булак табуу мүмкүн болгон жок. Бирок альтернативдик пикир же Миссуринин профессору жүргүзгөн изилдөө табылды. Ага ылайык,  биз издеген цитата чынында Чарльз Дуэллне таандык эмес.