(Кыргыз) Кереметтүү гүл Жараткандын эмгегиби? Factcheck теришитирди

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Формасы жагынан айымдардын дене түзүлүшүн элестеткен керемет гүл тууралуу сөздөр дүйнөдө байма-бай айтылып келет жана интернет айдыңында кеңири жайылган. Соцтармактарда гүлдүн турмуштан алынганын “тастыктоочу” видеотасмалар жана көптөгөн маалымат бар.

https://i0.wp.com/factcheck.kg/froala/uploads/ca6dc8ec3acfe06edf1c87c1926d317c684ce158.jpeg?resize=640%2C917&ssl=1

Колдонуучулар арасында айрымдары бул маалымат менен дароо бөлүшүп, ага ишеним көрсөткөнүнөн улам,  Factcheck.kg мунун чын-төгүнүн бышыктап көрүүнү чечти.

Керемет гүлдүн аталышы аркылуу издөө салганыбызда, эсеби жок шилтемелердин тизмеги пайда болду.

Ошого карабай, бардык маалымат бир эле тасма менен бир сүрөттү алгачкы булак катары көрсөткөн. Социалдык тармактарда да дал ошол маалымат булагына шилтеме берилет.

https://i0.wp.com/factcheck.kg/froala/uploads/2e51bc29cc22b8c52b05e46cd6bf5380836be2db.png?resize=640%2C757&ssl=1

 

Сүрөттү  кылдат текшере турган болсок, айрым гүлдөр бири-бирине куюп койгондой окшош экенине ынанабыз.

https://i0.wp.com/factcheck.kg/froala/uploads/1bea9587f53ebb6f316c1aa25b832e5b88d9a201.jpeg?resize=640%2C418&ssl=1

Ал эми ар бир гүлдү желеден өзүнчө издей турган болсок, эки сүрөттөн турган коллаж пайда болот. Башкача айтканда, фоторедактордун жардамы менен эки сүрөттү бириктиргенден келип чыккан коллаж байкалат.

https://i0.wp.com/factcheck.kg/froala/uploads/56baf729e26aed9c1f2c3cce39955479ff94e387.jpeg?resize=640%2C419&ssl=1

Маалыматта айтылгандай кереметүү өсүмдүк чын эле Амбхалабхара аттуу бактын жемиши болгон Narilatha гүлүбү же жокпу, андан ары текшеребиз.

Интернеттен алынган маалыматка ылайык, аталган бак чыныгы турмуштан алынган. Бирок ал табигый эмес, Химаппан (Himabhan) токой бакчасындагы экспонат болуп саналат. Бакчадан «кереметтүү» бактан тышкары дагы башка «сыйкырдуу» экспонаттарды жолуктурса болот.

 

папапаапаппапап

Ал эми дарактын жемиши пахта менен айнектин аралашмасынан жасалганын токой бакча администрациясынын «Фейсбуктагы» расмий баракчасы тастыктайт.

 

https://i0.wp.com/factcheck.kg/froala/uploads/68d9dafde25d072c4d4a9603ed34890dccc46d1a.jpeg?resize=640%2C334&ssl=1

 

«Жемиштер» мыкты ракурстан тартылгандыктан улам, алардын даракка зым менен бекитилгени видеотасмада байкалбайт.

https://i0.wp.com/factcheck.kg/froala/uploads/9fc5b47ecf41ad3f5afcfd10c9a17fa63e573ffd.jpeg?resize=640%2C480&ssl=1

Жыйынтык

Фейк.

Кереметтүү дарак табигатта кездешпейт. Интернетте жайылган гүл, чынында Тайланддагы токой бакчасынын айнектен жасалган экспонаты.