(Кыргыз) Кылым карытса да, өзгөрүүсүз сакталып келген Рамзес Экинчинин денеси табылдыбы?

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Инстаграм соцтармагында Египет фараону тууралуу тасма тарады. Анда Рамзес Экинчинин мумиясынын тизелеп жатканын көрсө болот. Кыргызстандыктардан бул тасма менен белгилүү төкмө акын Жеңишбек Жумакадыр @jjenishbek өз баракчасында бөлүшкөн.

Тасма автору ролик Улуу Британиядагы музейде тартылган деп ишендирет. Анын айтымында, тасмадагы Рамзес Экинчи мумия эмес. Фараондун бардык дене мүчөсү Жараткан Алланын буйругу менен бир калыпта сакталып келген. Себеби, фараон өлөрдүн алдында Кудайга ишенген деп айтылат.

Мындан тышкары, автор тасма каарманынын 5 миң жылдан бери өзгөрбөстөн сакталып келген чачына басым жасайт. Ал да болсо Жараткандын чексиз бийлигинен кабар берет дейт ал.

Factcheck.kg бул маалыматты текшерип көрдү.

Алгач тарыхка көз чаптырып, Рамзес Экинчи жашаган доорду тактайбыз. Тарыхый маалыматка ылайык, фараон биздин заманга чейинки 1302 – 1213 жылдары өмүр сүргөн.

Ал эми тасмада «каарман» 5500 жашта деп айтылат. Демек, бул адам биздин заманга чейинки  3500- жылы, Рамзес Экинчиден 2300 жыл мурда жашаган.

Роликте көрсөтүлгөн islam.ru сайтына баш баксак, ушул эле маалымат 2019-жылдын 30-майында жарыяланганы аныкталат.

Бирок, аталган сайттагы тасма биздин текшерүүгө кабылган тасмадан 2 мүнөткө узагыраак. Аны кылдат көрүп чыгып, макаланын башында коюлган сурообузга жооп таба алабыз. Маселен, роликтин 1 мүнөт 9 секундадан соң биз изилдеген экспонат тууралуу маалымат көрсөтүлөт.

Анда династиялык доорго чейинки убакка таандык Жогорку Египетте табылган гебелейн мумиясы тууралуу кабарланат. Ал болжол менен биздин заманга чейинки 3500-3400 –жылдары өмүр сүрүп, кийинчирээк таш менен көмүлгөн жапызыраак көрүстөндөн табылган.

Мындан тышкары, мумияны тизелетип жерге берүү демейдегидей көрүнүш болгонун белгилей кетүү зарыл. 1896-жылы  Уоллис Бадж аттуу британиялык музей египтологу ушул эле ыкма менен жерге берилген  6 мумиянын денесин Гебелейнден алыс эмес Бахр-Била-Ма (Какшыган дарыя) тараптан таап чыккан. 

Ал эми Египет фараону Рамзес Экинчинин мумиясы династиялык доорго таандык кадимки фараондор сакталчу саркофагдан табылган.

Мындан тышкары, Кудайдын кудурети менен фараондун чачы өзгөрүлбөстөн сакталган деген жүйөнү да текшерүү зарыл.

Байыркы замандагы мумиялардын сүрөттөрүнө көз чаптырып, алардын чачтары жакшы сакталып келгенине ынанабыз. Сүрөттө Рамзес Экинчинин чачтары даана көрүнөт. Ошондой эле тарим мумиясы Лоулань сулуусу 3800 жашта болгонуна карабай, чачы өзгөрүүсүз сакталганын көрсө болот.

 

Жыйынтык:

Фейк. Автор тарыхый фактыларды бурмалоо аркылуу чындыкка дал келбеген маалыматты жайылткан.

Тасмадагы мумия Рамзес Экинчи да, башка да мумия эмес. Ал бадарий маданиятына таандык адамдын мумияланыштырылган денеси. Анын өзгөрүлбөстөн сакталып келүүсү Жараткандын буйругу болсо да, анын түздөн-түз кийлигишүүсү эмес.

Жер-жүзүндө мындай мумияланыштырылган байыркы элге таандык көптөгөн маркумдардын денелери табылган.