(Кыргыз) Түркияда кыргызстандыктар катышкан мушташ

(Кыргыз) Шерик Акимов: “Фейк аккаунт Шах Алатович жалган маалыматты таратып, улут аралык кастыкты козутуп жатат”.

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Фейк аккаунту  Шах Алатович өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына Түркияда орун алган массалык мушташ тууралуу видеону жайгаштырды. Видео коштогон текстте ал Түркияда биздин жарандарды сабап, баштарын жарды, – деген маалымат калтырган.

Бул видео бир күндө жүздөгөн адамды камтып, 382 адам аны менен өз баракчаларында бөлүшкөн. Комментарийлерде интернет-колдонуучулары улутчулдук маанидеги чакырыктарды калтырышууда.

Бул маалыматты тактоо үчүн  factcheck.kg сайты Түркиядагы кыргыз диаспорасынын өкүлү Шерикбек Акимов менен байланышты:

“Инцидент Анталия шаарындагы отелдердин биринде түнкү саат үчтөрдө катталган. Отелдин аймагында персонал жашайт. Бул кадимки эле тиричилик конфликти жана ал чечилген маселе.  Жабыркагандарга керектүү медициналык жардам көрсөтүлдү, буга жумуш берүүчүнүн каражаты кетти”, – деп диаспоранын өкүлү билдирди .

Анын айтымында , Фейсбукта билдирүү тараткан баракчанын ээси жаңжалдын себебин бурмалап койгон. “Эч ким бирөөнү ажааткананы жууганга мажбурлай албайт, отелде ар биринин  оз милдеттери бар” – дейт Шерик Акимов.

“Отелдин кызматкерлеринин тобу алкоголь ичимдиктерин ичип алып, ызы-чуу жаратышты. Конфликт Кыргызстандын жараны бул топтон тынчтанууну сурангандан кийин башталган”, – дейт өз сөзүндө диаспора өкүлү .   Ошол эле учурда жабыркагандар боюнча дагы такталбаган маалымат тарап кеткен. Анткени чындыгында кыргыз жарандары жеңил жаракаттарды алышкан, ал эми эки түрк жараны ооруканада оор абалда дарыланышууда. Шерик Акимовдун билдирүүсүнө таянсак, отелде миңге жакын Кыргызстан, Тайланд, Филиппины, Россия, Украина жана башка мамлекеттердин жарандары иштешет.  Отелде иштегендердин арасында Кыргызстандын жарандарынын саны 150дөй.

Биз ушул мушташта жабыркаган Кыргызстандын жарандарынын бири Жыргал менен байланыштык.  Анын айтымында, ал иниси экөө бөлмөсүндө тынч эле отурушкан болчу.  Бирок он чакты мас абалындагы кишилер алардын бөлмөсүнө келип, аларды сабап киришкен”, – деп  factcheck.kg сайтына Жыргал билдирди.

Жогоруда айтылган бурмаланган маалыматты фейк аккаунтуна шилтеме жасоо менен Кыргызстандын бир нече жаңылыктар сайттары дагы жарыялашкан.

Окуянын катышуучулары кимдир-бирөө кыргыз кызын ажааткананы жууганга мажбурлаган деген маалымат калп экендигин тастыктады.

Кыргызстандык Максат аттуу отелде иштеген жарандын айтымында, мындай конфликт мурда эле башталмак. “Буга чейин мушташ болчу эмес, бирок көп урушчубуз” – дейт ал.  Мындан тышкары, Максат кыргыз аялдары үчүн коркоорун билдирди:

“Биз эркектер өзүбүздү коргой алабыз. Бул окуя муну менен эле бүтүп калбайт. Кыргыз элчилиги, консул бизди коргоо аракетин көрүшкөн жок. Жүзгө жакын кыргыз жарандары мекенине кайтып келебиз деп жатышат, бирок билетке акчалары жок. Отелдин жетекчилиги Кыргызстанга кайтууга жол кирени төлөбөйбүз, дешти”, – деп билдирди өз сөзүндө Максат.

Ал эми диаспора өкүлү Шерик Акимов өз кезегинде кыргыз жарандары келишимдин мөөнөтү аяктамайынча иштеши керектигин айтты.

Биздин редакция бул окуянын жүрүшүн көзөмөлүнө алат.