(Кыргыз) Эйнштейн кемчонтойлордун заманын эскерткенби?

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Эйнштейн кемчонтойлордун заманын» эскергенби?

«Технология өсүп-өнүккөндө адамдар бири-бири менен баарлашпай калат деп чочулайм. Бара-бара кемчонтойлордун заманы келет».

Жогоруда сөздөр Эйнштейнге таандык деп айтылып жүрөт. Бирок бул чындыкка жатабы?

Factcheck.kg текшерип көрдү.

Эйнштейнге таандык делген сөздөрдү интернет айдыңындан текшергенибизде маалыматты тастыктоочу бир да сайт чыккан жок. Улуу окумуштууга таандык сөздөрдүн жыйнагын карап, биз текшерген цитатаны тапкан жокпуз.

Бирок, мааниси жагынан биз издеген цитатага шайкеш келген сөздөр 1995-жылы  жарык көргөн «Пудра» (Powder) аттуу фантастикалык тасмада айтылганын аныктадык.

Дональд Рипли: ” Бугүнкү технологиянын адамкерчиликти ашып өтүшү даана байкалды”
Порошок: Альберт Эйнштейн.
Дональд Рипли: Сизди көргөндө адамзат технологиядан качандыр бир ашып өтөт деген ой келет.

Цитатаны издөөнү улантканыбызда Гарсон О’Тулга таандык «Алар мындай деген эмес. Атактуулардын сөзү: чындык жана жалган  («Они этого не говорили. Изречения знаменитостей: правда и вымысел») аттуу китепке туш болдук.

Китептеги маалыматка ылайык, уюлдук телефондун колдонуучуларынан кыжыры кайнагандар Эйнштейнге таандык делген цитатаны ойлоп таап, кийин анын жайылышына шарт түзгөн.

Жыйынтык: Фейк.

Эйнштейндин анык ой-пикирин камтыган бир да авторитеттүү сайтта биз издеген цитата табылган жок. Мындан тышкары, бул фраза “Алар мындай деген эмес. Атактуулардын сөзү: чындык жана жалган” аттуу китепте кездешет жана биздин заманга таандык деп айтылат. Бирок цитатага салмак кошуу үчүн ал атактуу окумуштуунун сөзү катары берилип келет.