(Кыргыз) Кыргызстандан Орусияга электр товарлардын экспорту кыйла өскөн. Муну Украинадагы согуш менен байланыштырышууда.

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Bloomberg басылмасы аныктагандай, кошуна өлкөлөр 2022-жылы мурдагы жылдарга салыштырмалуу Орусияга тиричилик техникасын эселеп көбүрөк реэкспорт кылышкан. Басылма мисал катары Евробиримдиктен импорттолгон кир жуучу машинелердин Армениядан ал эми Казакстандан сүтсордургучтын экспортун келтирет, деп жазат Meduza.

2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында Казакстанда электр сүтсордургучтарга суроо-талап 633%га өскөн. Ал эми январь-августта Армения Евробиримдиктен акыркы эки жылга караганда  кир жуугуч машиналарын көбүрөөк экспорттогон. Мындай маалыматтарды Евростат келтирет.

Ошол эле кезде Казакстан Орусияга муздаткычтарды 10 эсе, сүтсордургучтарды 2 эсе жана кир жуучу машинелерди $7.5 млн көбүрөөк (мурда бул көрсөткүч дээрлик нөлгө барабар болгон) экспорттогон. 

Bloomberg журналисттеринин пикиринде, буга эки себеп болушу мүмкүн:

  • Орусия өлкөдө ушундай техникага жаралган дефицитти өз күчү менен жаба албай жатат
  • Орусия компаниялары сатып алынган техниканы чачып, андагы компоненттерди жана жарымөткөргүчтөрдү (полупроводниктерди) жарандык өндүрүштө колдонушууда.

Factcheck.kg өзүнүн иликтөөсүн жүргүзүп, Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы сегиз айлык экспорттук-импорттук көрсөткүчтөрдү талдап чыгып, Кыргызстан дагы айрым электр товарлардын экспортун өстүргөнүн аныктады.

Электр устаралар жана видеокамералар

Быйыл январь-август айларында Кыргызстандан Орусияга экспорттун көлөмү $445.74 млн түзгөн, деп айтылат Улуттук статкомдун отчетунда. Өткөн жылдагы ушул эле убактагы көрсөткүчтөргө салыштырмалуу өсүш 87%ды түзгөн (2021-жылдын январь-август айларында $238.3 млн болчу).

2022-жылдын сегиз айында айрым электр товарлардын Кыргызстандан Орусияга экспорту эбегейсиз өскөн. Алардын катарына мейкиндикти жана жерди жылытуучу электр жабдыктар, чач алгычтар, электр устаралар, гарнитуралар, видеокамералар жана башкалар кирет.

Мисалы, мештерди жана электр плиталарды Орусия 36.6 млн сомго же $443.5 миңге сатып алган – бул 24.4 миң даана, бир жыл мурун бул товарлардын бир даанасы да импорттолгон эмес болчу. 

Мейкиндикти жана жерди жылытуучу электр жабдыктардын эскпорту 13.7 млн сомду же $162 миңди  түздү. Орусия бул товарлардын 1 млн 148 миң даанасын сатып алган.   

Башка электр жылытуучу жабдыктарды КР 8,5 млн сомго ($103.5 миң), же 35 миң даананы экспорттогон, бир жыл мурун бир да мындай товар экспорттолгон эмес.  

“Микрофон менен айкалышкан же ага кошулбаган кулакчындар, ошондой эле микрофондон жана бир же бир нече үн күчөткүчтөн турган комплекттер” деген аталыштагы товарлар 432.5 млн сомго ($5.2 млн) сатылган. Бир жыл мурун Орусияга ушундай товарлардын болгону 1.2 миң даанасы (2.2 млн сомго ($26.4 мин)) жиберилген.

Тыянак: Кыргызстан ЕАЭБдин башка өлкө-мүчөлөрү сыяктуу Орусияга электр товрлардын экспортун өстүргөн. 

Билдирме

Bloomberg’дин божомолунда Орусия өлкөдө жаралган дефицитти өз күчү менен жаба албагандыктан тиричилик техникаларын Евразиялык экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдөн сатып алып жатышы мүмкүн. Башка божомол боюнча, Орусия компаниялары сатып алынган техниканы чачып, андагы компоненттерди жана жарымөткөргүчтөрдү (полупроводниктерди) жарандык өндүрүштө колдонушууда.

Bloomberg европалык саясатчылардын айрым товарлар жана алардын компоненттери аскердик максатта колдонулушу мүмкүн экендиги тууралуу тынчсызданууларын келтирет.   Сентябрда Европа комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен орус аскерлери жарымөткөргүчтөрү жетишпегендиктен идиш жуучу машинелердин жана муздаткычтардын чиптерин аскердик жабдыктарда колдонуп жаткандыгы тууралуу билдирген (май айында ушул тууралуу АКШ да билдирген болчу). Bloomberg’дин маалымат булагынын божомолунда, башка тиричилик техникасындагы компоненттер жана микросехамалар да аскердик максатта колдонулушу мүмкүн.