(Кыргыз) Бакыт Төрөбаевдин “Өнүгүү-прогресс” партиясынын иши тууралуу манипуляциясы
Үстүбүздөгү жылдын октябрь айында VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин иши аяктаганына байланыштуу эл өкүлдөрү беш жыл ичинде жасаган иштери тууралуу элге отчет берүүдө.
Маселен, “Ай ТВ” телеканалына интервью берген депутат, “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Торобаев Жогорку Кеңеште депутат катары аткарган иштери тууралуу айтып, эки нерсени белгилеген:
- “Өз жүрөгүңдү сакта” долбоорун биз 50 000 адамды кан тамыр, жүрөк кан тамыр ооруларын текшерип чыгып, алдын алуу иштерин жасадык. Бишкектен врачтарды жана жабдууларды региондорго алып барып текшерип, диагноз берип алдын алуу иштерин жасадык, бул жакка дагы акча кетти”.
- “Ошол мезгилде биз ар бир ооруканага, 35 райондук ооруканага “Өнүгүү-палатасын” ачтык”.
Биз бул маалыматты текшерип, андагы дал келбестиктерди таптык.
“Өз жүрөгүңдү сакта” аттуу акция алгач 2013-жылы уюштурулган. kloop.kg сайтынын маалыматына ылайык, аталган акцияны “Өнүгүү-прогресс” толук каржылаган эмес, бирок уюштуруу иштерине көмөк көрсөткөн. Анда 9000 адам медициналык изилдөөлөрдөн өтүүгө мүмкүнчүлүк алган.
Бул долбоор Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан жана партиянын жардамы менен ишке ашкан.
Жыйынтык:
- “Өз жүрөгүңдү сакта” долбоору “Өнүгүү-Прогресс” партиясы Жогорку Кеңешке келгенге чейин ишке ашкан.
- Акцияны “Өнүгүү-Прогресс” партиясы толук кандуу каржылаган эмес.
Ал эми Төрөбаевдин 35 ооруканадагы “Өнүгүү-палаталарын” ачканы тууралуу маалыматты текшерсек, тиешелүү жаңылык 2015-жылдын июль айында чыккан. Ал эми Жогорку Кеңештин VI чакырылышы октябрь айында гана ишке кирген.
Жыйынтык: долбоор “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын Жогорку Кеңештеги ишине тиешеси жок.