(Кыргыз) 70 тыйындык электр энергиясына 170 тыйын кошулат деген маалымат жалган

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Factcheck.kg редакциясы депутаттыкка талапкерлердин айткандарын, өзгөчө дебат учурунда айткан сөздөрүн  текшерүүнү улантат.  

Бул ирет «Мекеним Кыргызстан» партиясынын жаштар канатынын өкүлү  Эльнура Алканова 70 тыйындык электр энергиясы 170 тыйынга кымбат сатылып аткандыгы тууралуу айтып өттү. Биз бул маалыматты текшерүүнү чечтик. 

Бүгүнкү күндө  1 кВт/с үчүн электр энергиясынын баасы 1 сом 36 тыйынды түзөт. Бирок, улуттук энергохолдингдин маалыматына ылайык, анын өз баасы 1 сом 60 тыйынга чейин жетет.

Электр энергиясынын баасын Өкмөткө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик атайын усул менен, энергосистеманы кызмат менен камсыздоо, учурдагы оңдоп-түзөө иштери, карыздарды кайтаруу ж.б. пункттарды эске алуу менен иштеп чыгат. 

Кыргызстанда акыркы жолу электр энергиясысынын баасы 5 жыл мурун 2015 жылдын 1- августунда көтөрүлгөн:

— Учурда колдонуучулар турмуш-тиричилик үчүн  1 кВт/с үчүн  77 тыйындан төлөшөт. Эгер 700 кВт/с ашык колдонулса, ар бир киловатт 2 сом 16 тыйындан эсептелинет.

— Насостук станциялар 1 киловаттына  78 тыйындан төлөйт.

— Тиричиликтен башка максатта колдонгон абоненттер Небытовые абоненты (өндүрүш,айыл-чарба, бюджеттик жана башка колдонуучулар) 2 сома 24 тыйындан төлөшөт.

Жыйынтык: жалган.  700 кВт/с лимиттен ашкан күндө да  1 кВт/с электр энергиясынын баасы болгону 1 сом 39 тыйынды түзөт.