(Кыргыз) Садыр Жапаров дагы бир кудасына чоң кызмат берди

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

2020-жылдын 21-октябрында президенттин милдетин аткаруучу премьер-министр Садыр Жапаров Турусбек Түмөнбаевди Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу “Унаа” мамлекеттик ишканасынын директору кылып дайындаган.  Буга чейин Factcheck.kg Түмөнбаев Жапаровго куда болорун тастыктаган эле.

Көрсө 21-октябрда Садыр Жапаров бир эле кудасын чоң кызматка алып келбептир…

Ал дагы бир токтом менен Мамлекеттик миграция кызматынын жетекчилигине Каймазаров Таштанбек Тураровичти дайындаган.

БШКнын маалыматына ылайык, Таштанбек Каймазаров парламенттик шайлоого «Мекенчил» партиясынан аттанган. Бул партиянын негиздөөчүлөрүнүн катарында Жапаровдун бир тууган эжеси Райкүл Жапарованын жолдошу Курманов Канатбек Бейшеевич жана агасынын уулу  Жапаров Азат Сабырович бар.

Өкмөттүн сайтындагы маалыматка ылайык, Таштанбек Каймазаров 1966-жылы 25-июлда Талас облусунда туулган. Ал Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтунун “мугалим” адистиги жана Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин “юрист- укук таануучу” адистиги боюнча билим алган.  

Ал эми footballfacts.ru сайтынын маалыматына ылайык,  Каймазаров 90-жылдары Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасында төрт беттеш өткөрүп,  ар кандай футболдук клубдардын жогорку лигасында ойногон.  National-football-teams.com сайты  анын профессионалдуу футболчу экендигин маалымдайт.

Биз буга чейинки “Унаа” мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Турусбек Түмөнбаев тууралуу иликтөөбүздө Садыр Жапаровдун эжеси Райкүл Жапарованын Айгерим Канатбекова аттуу кызы бар экенин тастыктаганбыз.

Анын Instagram жана башка социалдык тармактарда жайгаштырган маалыматынан улам, жолдошунун ысымы Санжар Каймазаров экенин биле алдык.

2020-жылдын 1-декабрына карата “Тизме” порталында Санжар Каймазаров тууралуу маалымат табылган жок.

Бирок 2017-жылдын 16-ноябрында Facebook социалдык тармагында ал Айгерим Канатбекова менен бирге түшкөн сүрөтүн жарыялаган.

Санжар Каймазаров социалдык тармактагы баракчасында Польшанын борбору Варшавада жашары тууралуу маалымат калтырган. Эске салсак, 2020-жылдын 27-майында «Кактус.Медиа» басылмасы Райкүл Жапарова Польшанын жарандыгын аларын жазып чыккан.

Санжар Каймазаров менен Таштанбек Каймазаровдун кандай байланышы бар?

2020-жылдын 23-ноябрында Kebavita Польша футболдук клубу Facebook социалдык тармагында оюн тууралуу маалымат жарыялап, анда Санжар Каймазаровдун жеке баракчасын белгилеген.

Ал эми матчтын протоколунан Санжар Каймазаровдун ысымынан тышкары “Санжар Таштанбеков” деген ысымды да көрсө болот.

Жыйынтык: Таштанбек Каймазаров —  Садыр Жапаровдун кудасы. Жапаровдун жээни Айгерим Канатбекова (эжеси Райкүл Жапарованын кызы)  Таштанбек Каймазаровдун уулу  Санжар Каймазаровдун жубайы.