(Кыргыз) Европада маймыл чечеги күч алдыбы? Текшеребиз
Европада маймыл чечеги күч алганы тууралуу бир катар басылмалар жазып чыкты. Саламаттыкты сактоо кызматкерлери сейрек кездешүүчү маймыл чечек инфекциясынын капыстан пайда болушун жана жайылышын иликтөөгө бет алганы айтылууда. Factcheck.kg бул маалыматтын чын-бышыгын текшерди.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму эмне дейт?
Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму маймыл оорусу боюнча 7-майда кабарлаган. Бул сейрек кездешүүчү вирустук инфекция Улуу Британияга Нигериядан келген адамда аныкталып, бейтап байкоого алынган. Аны менен байланышта болгон адамдарда илдеттин симптомдору табылган эмес.
Эксперттер өз убагында көрүлгөн эпидемиологиялык чараларды эске алуу менен, Улуу Британияда инфекциянын андан ары жайылуу мүмкүнчулүгү аз экенин маалымдайт.
Илдетке кабылгандардын саны
ДССУнун маалыматына ылайык, 21-майда дүйнө жүзү боюнча маймыл чечегинин 92 учуру катталган, дагы 28 учур иликтенүүдө. Илдет Улуу Британия, Бельгия, Канада, Франция, Германия, Италия, Нидерланд, Португалия, Испания, Швеция, Австралия жана АКШда катталган.
Маймыл чечеги тууралуу эмне белгилүү?
Маймыл чечеги– сейрек кездешүүчү вирустук инфекция. Ал контакт жана аба тамчылары аркылуу жугат, бирок вирус адамдан адамга оңой жукпайт жана инфекциянын массалык коркунучу өтө төмөн. Мындан тышкары, оору жыныстык жол менен жана илдетке кабылган жаныбарлар менен байланышта болгон учурда жугат. Алардын ичинен чычкан, тыйын чычкан аркылуу же инфекцияга кабылган кийим-кече, төшөк жана башка буюмдар аркылуу жугушу мүмкүн.
Инкубациялык мезгил 6 күндөн 13 күнгө чейин болгону менен 21 күнгө чейин созулушу мүмкүн. Көбүнчө оору жеңил болуп, эки-үч жуманын ичинде өзүнөн өзү өтүп кетет. Исиркектер оорутуп жана катуу кычыштырышы мүмкүн. Бул вирус биринчи жолу 1970-жылы Африканын он өлкөсүндө табылган жана ал жактан инфекциялар мезгил-мезгили менен аныкталып турат. Ошентип, 2017-жылдын сентябрынан бери Нигериянын 32 штатында маймыл чечегине чалдыккан 558 адам аныкталып, сегиз адам каза болгон.
Жыйынтык: чындык. Айрым Европа өлкөлөрүндө маймыл чечегине чалдыккан учурлар катталганы чын.