(Кыргыз) 100 млн акуланын өлүмүнө Covid-19га каршы вакцина себепкерби?

Sorry, this entry is only available in Кыргыз and Русский.

Covid-19га каршы вакцина чыгарган Pfizer жана Moderna компаниялары акуланын боорунан чыккан скваленди колдонуудан баш тартты. Мындай маалымат социалдык тармактарда пайда болду. Мындан тышкары, Дүйнөлүк океанда жыл сайын фармацевтикага 10 миллионго жакын акула пайдаланылары тууралуу айтылат:

Factcheck.kg бул маалыматты текшерип көрүүнү чечти. 

Алгач акуланын боорунан чыккан сквален чынында эле COVID-19га каршы вакцинага жумшаларын текшеребиз.

Эскерте кетсек, сквален – өсүмдүктөрдө, жаныбарларда жана адамдардын организминде кездешкен табигый зат. Фармацевтикада вакциналарды колдонуу үчүн сквален балыктын боорунан, айрыкча акуланын боорунан алынат.  2006-жылы ДССУ сквален организмдин иммундук реакциясын күчөтүү үчүн вакциналарга кошулган айрым адъюванттардын (организмдин эмдөө учурунда иммундук реакциясын күчөтүү үчүн колдонулуучу заттардын комплекси) курамдык бөлүгү экендигин тастыктаган.

Squalus – акулалар тукумунун латынча аталышы, учурда анын 26 түрү бар

Google аркылуу издөө салып, акула жана скаттарды коргоого жана сактоого багытталган сайтка туш болобуз. Бул сайтта Covid-19га каршы вакциналарды иштеп чыгууда скваленди пайдалануу боюнча макала жарыяланган. Макалада ДССУга шилтеме берилип, учурда эң популярдуу вакциналарды жасоодо сквален пайдаланылбаганы тууралуу  айтылат. Буга далил катары профессор Шейн Кроттинин жооптору камтылган видео жүктөлгөн. 

ДССУнун маалыматына ылайык, 2020-жылдын 3-ноябрына карата 47 вакцина-кандидат клиникалык жана клиникага чейинки баалоодон өтүп чыккан. Анын ичинен 19унун курамында адъюванттар бар, ал эми 5инин адъюванттары акуланын сквалендеринен жасалган.  Pfizer менен Moderna вакциналары бул тизмекте жок, демек алар скваленди пайдаланбайт.

Жыл сайын миллиондогон акула кырылат деген маалыматты да текшерип көрөлү.

 TRAFFIC ресурсу Вуллонгонг университетинин Океан ресурстары жана коопсуздук боюнча Улуттук борборунун  илимий кызматкери Глен Сант жана биолог Никола Окес тарабынан өткөрүлгөн изилдөөнүн жыйынтыгын жарыялаган. Ага ылайык, жыл сайын 100 миллион акула кырылат.  

Бүткүл дүйнөлүк жапайы жаратылыш фондунун маалыматына ылайык, жылына 67ден 273 миллионго чейин акула жок кылынат. Чыгыш Азия өлкөлөрүндө акуланын сүзгүчтөрүнөн жасалган тамактар өтө популярдуу болгондуктан, жыл сайын 73 миллион акула бир гана сүзгүчтөр үчүн өлтүрүлөт.

Ал  эми акула чарбаларын түзүү мүмкүн эместиги учурдагы кырдаалды курчутууда. Себеби, аңчылыкка багытталган чарбалардан айырмаланып, акулалардын жай көбөйүшү жана узак бышып жетилиши экономикалык пайда алып келбейт:

 2021-жылдын январь айында Nature илимий журналында “Акула жана скаттардын жарым кылым ичинде кескин азайышы” аттуу макала жарык көрүп, анда 1970-жылдан тарта Дүйнөлүк океанда акула менен скаттардын саны  71%га азайгандыгы тууралуу айтылган. 

Жыйынтык: жартылай чындык.

Pfizer жана Moderna вакциналарында сквален пайдаланылбайт.

Ал эми жыл сайын акулалардын фармацевтика, косметика чыгаруу жана кулинардык максаттарда миллиондоп кырылары чын.