(Кыргыз) “Фейсбук” колдонуучуларга баракчаларды убактылуу өчүргөндүгү үчүн акча сунуштады

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Facebook социалдык тармагы колдонуучуларга аккаунттарын убактылуу өчүргөндүгү үчүн компенсация сунуштагандыгы тууралуу маалымат интернет айдыңында пайда болду.

Factcheck.kg маалыматтын чын-төгүнүн бышыктап көрдү.

«Голос Америки» агенттигинин маалыматына ылайык,  Facebook  айрым колдонуучуларга бул эксперимент үчүн чын  эле акча каражат тартуулаган. Компания Facebook жана Instagram аккаунттарын бир жумадан алты жумага чейин өчүргөндүгү үчүн ар бир колдонуучуга жумасына 10 -20 доллар төлөп берүүгө даяр экенин билдирген. Бул эксперимент АКШдагы шайлоо алдында өткөрүлмөкчү.

Маалыматты Washington Post агенттигинин журналисти Elizabeth Dwoskin өзүнүн твиттер баракчасында тастыктаган.