(Кыргыз) Factcheck. Кыргызстанга Кувейттен дарыгерлер келеби?

(Кыргыз) Watsapp тиркемеси аркылуу Кыргызстанга Кувейттен дарыгерлер келип акысыз операцияларды жасай тургандыгы тууралуу аудио жазуу таратылып жатат. Биз муну текшерүүгө алдык.

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Watsapp тиркемеси аркылуу Кыргызстанга Кувейттен дарыгерлер келип акысыз операцияларды жасай тургандыгы тууралуу аудио жазуу таратылып жатат. Биз муну текшерүүгө алдык.

Бул боюнча КР саламаттыкты сактоо министрлигинин расмий билдирүүсү:

“КР саламаттыкты сактоо министрлиги социалдык тармактарда активдүү түрдө таратылып жаткан 2018-жылдын 29-октябрында Кыргызстанга кувейттик дарыгерлердин Бишкек шаарынын №1 шаардык клиникалык ооруканасына жана Эне жана баланы коргоо боюнча Улуттук борборго келип операцияларды жасай тургандыгы тууралуу маалыматтар боюнча төмөндөгүлөрдү билдирет. 2017-жылдын 30-апрелинен 4-майга чейин Бишкекте Кувейттин “Үмүт” аттуу медициналык кербени иштеген. Кыргыз элине акысыз түрдө жардам көрсөтүү үчүн жогорку квалификациялуу 32 адис: пластикалык хирург, жалпы хирург, реаниматолог, анестезиолог, ЛОР-адистер жана орто медициналык кызматкерлер учуп келишкен.   Оорулуулардын баары алдын-ала даярдалып, алардын тизмеси биздин дарыгерлер менен макулдашылып чечилген.  Ооруканалардан Улуттук онкология борбору жана Улуттук эне жана баланы коргоо борбору тандалып алынган. Бардык операциялар ийгиликтүү аяктаган. Бул жылы саламаттыкты  сактоо министрлигине кайрымдуулук операцияларын жасоо боюнча эч ким кайрылган жок”.

Анда мындай маалымат кайдан пайда болду? Бул фейкти өткөн жылы бир диний сайт чыгарган болчу. 

Ал эми whatsapp тиркемесинде аудио жазуу дагы ушул даталарда пайда болду. Биздин оюбузча, бул кезектеги “зомби” фейк. Тактап айтканда, бул жыл жаңырып таратыла берчү жалган маалымат.

Бүтүм: Кыргызстанда кувейттик дарыгерлердин келиши тууралуу маалымат фейк!