(Кыргыз) Фактчек: Кытайда COVID-19дун жаңы толкуну башталды

Sorry, this entry is only available in Kyrgyz and Russian.

Кытай COVID-19дун жаңы толкуну менен күрөшкөнгө жетишпей жатат деген маалымат Telegram’да пайда болду. Билдирүүдө таажычан вируска байланыштуу чектөөлөр жеңилдетилгени менен КЭРдин ири шаарларынын көчөлөрү дээрлик бош деп айтылат. Тургундар же ооруп үйлөрүндө жатышат, же жуктуруп алам деп көчөгө чыккандан коркушат.

Factcheck.kg редакциясы бул маалыматтын аныктыгын текшерди.

Эки жума мурун, 7-декабрда, мурда болуп көрбөгөндөй коомдук нааразычылыктардан кийин Кытайда COVIDге нөл сабырдуулук саясатындагы көптөгөн чектөөлөр алып салынган болчу. Бул чектөөлөр COVID-19 менен ооругандардын саны кескин көбөйүп кеткенине байланыштуу киргизилген, марттын аягында Кытайда эки жыл аралыгындагы эң чоң локдаун башталган.

Бир нече күндөн кийин Кытайда ооругандардын саны кескин өсө баштаганы катталды.

Көптөгөн басылмалардын журналисттери бош көчөлөр, эч бир жан жок соода борборлору жана бир биринен алыс болгонго аракеттенген адамдар тууралуу жазышууда – акыркы көрүнүш COVID-19ду жуктуруп албоо аракетиндеги Пекиндеги жаңы норма, оору түндүктөн түштүктү карай шаардын борборун камтыган.

Reuters агенттигинин маалыматы боюнча, КЭРдин Саламаттыкты сактоо боюнча мамлекеттик комиссиясы 14-декабрдан тарта симптомсуз ооругандардын жаңы учурларынын санын көрсөтпөй калгандан баштап, жарыяланып жаткан расмий статистика оорунун жайылышынын чыныгы абалын так мүнөздөй албай калды. Статистика боюнча, акыркы он күндө таажычан вирустан эч ким өлбөгөнү менен Пекиндин моргдору менен крематорийлери тынбай иштеп, араң жетишип жатышат.

Көп шаарлардын бийликтери мектептерди алыстан окууга өткөрүп жаткандары, же алыстан окуунун мөөнөтүн дагы узартып жаткандары тууралуу билдиришти. Мисалы, Шанхайда дүйшөнбүдөн баштап мектептер көп сабактарды онлайн-режимге өткөрүшү керек болчу, ал эми кошуна Ханжоуда мектеп окуучулардын көбүнө кышкы семестрди мөөнөтүнөн мурда бүтүрүү сунушталды. Гуанжоунун бийликтери да алыстан окуу режими улантылганын билдиришти.

17-декабрда Кытайдын башкы эпидемиологу Ву Цзунью жакынкы үч айда өлкө COVID-19дун үч толкунун башынан кечирерин, биринчи толкуну башталганын билдирген. Оорунун күч алышы Кытай Жаңы жылы белгиленип жаткан убакытка туура келет. Бул жолу Кытай Жаңы жылы 21-январдан 27-январга чейин белгиленмекчи. Жаңы жылдык майрамдарга байланыштуу адамдардын чоң ички миграциясы башталат – миллиондогон адамдар туугандарын куттукташ үчүн жолго чыгышат.

Тыянак: чындык. Кытайда чынында эле COVID-19 менен ооругандардын саны кескин өсүүдө.